Нарын дарыясынын нугу бурулат

Бул Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн керек экенин энергетика министри билдирди. Таалайбек Ибраевдин айтымында, суунун нугу бурулуп, ал жерге бийиктиги — 260 метр, туурасы — 700 метр болгон плотина курулат. “Дарыянын нугун бурууга 1,5 жылдай убакыт керек. Каржылоо маселесин карап чыгуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине кат жолдодум”, — деди министр “Биринчи радиого” берген маегинде.

Кененирээк

Нарын шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн 4 кабат жаңы имараты ачылды

Ачылыш аземге Садыр Жапаров катышты. Президент бүгүнкү иш-чарада ИИМге тиешелүү дагы 26 объект онлайн ачылып, аларды дагы ишке кирерин билдирди. «Жер-жерлерде жаңы ачылып жаткан “Айылдык бөлүмчөлөрдүн” өзгөчөлүгү — бир жагында кызматкердин иш бөлмөсү болсо, экинчи жагында ошол эле кызматкер үй-бүлөсү менен жашоого бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, атайын долбоор менен курулган. Кызматкерлер батирден-батирге көчүп же дагы…

Кененирээк

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарын шаарында өтөт

Шаардын борбордук аянтындагы майрамдык иш-чаралар саат 11:00дө башталат. Салт боюнча сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү өтөт. Ошондой эле жергиликтүү бийлик күндүз жана кечинде эстрада жылдыздары катышкан концерттерди өткөрүүнү пландап жатат. Мындан тышкары спорттук мелдештер да болот. Шаардын башкы аянтына боз үйлөр тигилип, «Нарында жасалган» бренди менен чыгарылган продукциялардын жарманкеси уюштурулат.

Кененирээк

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын кайра жандандырууну көздөөдө

Энергетика министри долбоор менен байланыштуу инвестицияларды тартууну талкуулоо үчүн энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Мурда «Русгидро» менен биргеликте жалпы кубаттуулугу 238 мегаватт болгон 4 станцияны куруу пландалган. Ошондо долбоордун баасы $727 млн деп бааланган, бирок бир катар себептерден улам ишке ашпай калган. Өткөн жылы Россиянын компаниясы кайрадан ЖНКга кызыгуусун көрсөттү.

Кененирээк

Нарында «Бозо фестивалы» өтөт

Нарын облусунда 13-16-февраль күндөрү кышкы фестивалдар болот. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады. Нарын районунун Салкын-Төр эс алуу жайында 13-февралда “Бозо фестивалы” өтөт. Кочкор районунун Чолпон айылында 14-февралда “Ара-Көл” фестивалы болот. Ал эми Ат-Башы районунда 15-февралда “Кел-Суу керемети” фестивалын өткөрүү пландалган. Жергиликтүү бийлик бардык жарандарга эшик ачык экенин кабарлады.

Кененирээк

Нарында төө чарбачылыгын өнүктүрүү аракеттери көрүлүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Бото Күрөңкеев унутулуп, саны азайып бара жаткан төө багуу менен алектенип келет. Бул иш анын үй-бүлөсүндө муундан-муунга өтүп келген. Анын атасы 1980-жылдардан бери төө багып келсе, бүгүнкү күндө бул ишти уулу Бото Күрөңкеев улантууда. Төө багуу түйшүгү оор болгону менен, бул мал кыргыз тоолорунун шарттарына өзгөчө ыңгайлашкан….

Кененирээк

Бишкек — Нарын — Бишкек каттамынын саны көбөйтүлдү

Бишкек — Нарын — Бишкек каттамынын саны көбөйтүлдү. “Асман Эйрлайнс” компаниясы аталган багыт боюнча учууларды аптасына эки ирет — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарып баштады. Буга чейин Нарынга ордо калаадан жумасына бир жолу учактар жөнөп жаткан болчу. Билеттин баасы дагы 3 миң 100 сомдун ордуна 2 миң 100 сомго арзандатылды.

Кененирээк