«Манас» аэропортунда коюу туманга байланыштуу 4 каттам токтотулду
«Манас» эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу учуп-конуу тилкесинде көрүү 400-800 метрге чейин чектелди. Төрт рейс токтотулганын аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Учуулар кадимки режимде ишке ашырып жатат. Бирок эки түрк авиакомпаниясы: Pegasus жана Turkish Airlines каттамдарын токтотту. Атамекендик Tez Jet эч кандай түшүндүрмөсүз эле “Манас” аэропортуна эки каттамды токтотту.
