Россия федерациясынан алынып келе жаткан жүк артка кайтарылды

10-май күнү Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 36 м3 ийне жалбырактуу пиломатериалдарын текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук (товарды коштоочу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиги, башкача айтканда товарды алуучулардын ар башка дареги көрсөтүлгөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек…

Кененирээк

Россиялык дарыгер жана теле алып баруучу Андрей Продеус «Өчпөс оттун» бөлүкчөсүн Ошко алып келди

Акциянын максаты — Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы тарыхый эс тутумду сактоо. «Эскерүү оту» Москвадагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү “Өчпөс оттон” тутандырылган. Мындан ары ал өлкөнүн башка шаарларын да кыдырат.

Кененирээк

Кыргызстан айыл чарба продукцияларын 80ден ашык өлкөгө экспорттойт

Республиканын экспортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү 2025-жылдын январь–декабрь айларында 13,3% түздү, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бул үлүш 8,8% болгон. ЕАЭБ: Экспорт – 17,1 млрд сом (51%) Россия Федерациясы: Экспорт – 7,8 млрд сом (эт-сүт продукциялары, жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер) Казакстан Республикасы: Экспорт – 7,8 млрд сом…

Кененирээк

Кыргызстан Россиядан тик учактын учкучтарын окутууга арналган заманбап тренажёр алды

Маалыматка ылайык, жабдуу аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында өткөрүлүп берилген. Жаңы тренажёр татаал аба ырайы шарттарында учууну моделдөөгө; тоолуу аймактарда жана түнкү убакта учуу машыгууларын өткөрүүгө ошондой эле, күтүлбөгөн кырдаалдарды, анын ичинде башкаруу системалары же кыймылдаткычтар иштен чыккан учурларды машыгууга мүмкүндүк берет. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагында Ми-171 жана Ми-8 тик учактарын оңдоо…

Кененирээк

Иран Ормуз кысыгы боюнча айрым өлкөлөргө, анын ичинде Россияга жеңилдик берди

Москвадагы Иран элчиси Казем Жалалинин айтымында, азырынча достук мамиледеги өлкөлөр үчүн өзгөчө шарттар колдонулууда. Бирок бул чечим келечекте өзгөрүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Тегеран мындай төлөмдөрдү АКШ жана Израилдин чабуулдарынан кийин коопсуздук чыгымдарына байланыштуу киргизүүнү пландаган. Учурда АКШнын деңиз блокадасы толук алынмайынча Ормуз кысыгы Иран тарабынан жабык экени айтылды.

Кененирээк

Министр Кулубаев Москвада Борбор Азия жана РФ ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Иш-чаранын жүрүшүндө ТИМ жетекчиси экономика, соода, энергетика, транспорт, экология жана аймактык коопсуздукту чыңдоо багыттарында өнөктөштүктүн стратегиялык маанисин белгилеген. Министр кооптуулуктарга каршы биргелешкен аракет менен каршы турууга чакырып, өз ара соода менен жүк ташууга тоскоолдук жараткан чектөөлөрдү жоюунун зарылчылыгына көңүл бурду. Жыйын соңу менен ТИМ башчылары тараптардын кызыкчылыгын туудурган маселелер боюнча пикир алмашууну улантууну макулдашышкан.

Кененирээк

Кыргызстандык 20 медик трансплантология боюнча Россияда стажировкадан өттү

Бул тууралуу минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Россиянын башкы трансплантологу, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Готьенин жолугушуусунда айтылды. Тараптар бул программа боюнча адистердин санын көбөйтүүнү талкуулашты. Кызматташтык Улуттук хирургия борбору менен Россиянын Трансплантология жана жасалма органдар боюнча улуттук медициналык борборунун ортосунда натыйжалуу уланып жатканы айтылды. Органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы эксперттердин бири…

Кененирээк

Россия Пасха майрамына карата ок атууну токтотот

Мындай көрсөтмөнү Россиянын президенти Владимир Путин башкы штабдын башчысына берди. Бул буйрук 11-апрелде саат 16:00дөн тарта 12-апрелдин акырына чейин күчүндө болот. Бирок аскерлер ар кандай агрессивдүү аракеттерге каршы чара көрүүгө даяр болууга тийиш, деп айтылат Кремлдин маалыматында.

Кененирээк

Кыргызстанда АЭС куруу чечими жарандардын катышуусунда кабыл алынат

Амангелдиев АЭС маселеси референдумга чыгышы мүмкүн экенин айтты. Минкаб төрагасынын биринчи орун басары бул багытта “Росатом” менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бирок алгач тиешелүү инфраструктура түзүлүп, адистер даярдалышы зарыл экенин билдирди. Ошондой эле АЭС куруу маселеси сөзсүз түрдө жалпы элдик референдумга чыгарылары айтылды.Амангелдиев энергетика экономиканын негизги кыймылдаткычы экенин белгилеп, өлкөнүн өсүшү жаңы энергия кубаттуулуктарын талап…

Кененирээк

Россия 1-апрелден тарта бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салды

Чектөө бардык рынок катышуучуларына тиешелүү болуп, өкмөттөр аралык келишимдер боюнча жеткирүүлөргө гана уруксат берилет. Чечимдин негизги максаты ички рынокту камсыз кылуу жана баалардын өсүшүн токтотуу болуп саналат. Экспорттун өсүшү жана ички рынокко жеткирүүнүн азайышы бийликти кайра катуу чараларга барууга мажбур кылды. Эксперттердин айтымында, дүйнөлүк баалар жогору бойдон калууда, ошондуктан кескин арзандоо күтүлбөйт. Бирок биржада баалар…

Кененирээк