Буудай импорттогондорду кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталды

Казак темир жолундагы кыйынчылыктардан улам Россиядан Кыргызстанга буудай алып келүү үзгүлтүкө учуроодо. Тактап айтканда, жүктүн көптүгүнөн Кыргызстандын транзитке болгон өтүнмөлөрүнүн 20 пайызы гана жактырылууда. Бул кырдаал өлкөдөгү ун комбинаттарында буудай запасынын азайышына алып келди. Буга чейин, буудайды өзү импорттоп, өзү ун өндүргөн ишканалар кошумча нарк салыгын төлөбөй келишсе, эми аларга жеткирип берген чарбалык субъекттерди да…

Кененирээк

Кыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү үчүн жаңы мыйзам даярдалууда

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов көмүр казуучу жана экспорттоочу компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Анда тармактагы системалуу реформалар талкууланып, бизнес өкүлдөрү даярдаган жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Документ салык салууну жөнөкөйлөтүүнү, иш механизмдерин ачык-айкын кылууну жана тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну көздөйт. Жыйындын жыйынтыгында МСК жана «Кыргыз Көмүр» ААКнын адистери долбоорду карап чыгып, сунуш-пикирлерин даярдап, андан соң…

Кененирээк

Ташиевдин уулу «Кыргызнефтегаз» иши боюнча айыптоолорго жооп берди

Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Салык кызматынын «Кыргызнефтегаз» боюнча айыптоолорун четке какты. Анын айтымында, «Мока Групп» компаниясы акыркы беш жылда ишкананын продукциясынын болгону 1,53%ын гана сатып алган жана бардык салыктарды төлөгөн. Ал монополия тууралуу маалыматтарды “жалган” деп атады. Ошол эле учурда тергөө органдары коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгоп, мамлекеттик ишканада мыйзамсыз схемалар болгон болушу…

Кененирээк

Салык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскертти

Салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салык квартал сайын тең үлүштөр менен төлөнөрүн эскертти. Төлөө мөөнөттөрү 20-мартка, 20-июнга, 20-сентябрга жана 20-декабрга чейин белгиленген. Эсептелген суммалар тууралуу маалыматты сайтындагы жеке кабинеттен көрүүгө болот. Мындан тышкары, эсептөөлөр туура болушу үчүн мүлк документтерин «Кадастр» мекемесиндеги маалыматтар менен салыштырып чыгуу сунушталат.

Кененирээк

Кыргызстан Ташкентте салык реформаларынын ийгилиги менен бөлүштү

КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумуна катышты. Форумдун башкы темасы — көмүскө экономика менен күрөшүү жана салыктык башкаруунун заманбап ыкмаларына өтүү болду. Кыргызстан бул багыттагы өз тажрыйбасы менен бөлүштү: ашыкча көзөмөлдөн баш тартып, санариптик кызматтар аркылуу ишкерлер менен…

Кененирээк

Кыргызстанда 2025-жылы Салык жыйымдары 80 миллиард сомго өстү

6-февралда КР Мамлекеттик салык кызматында 2025-жылдагы жыйынтыктар айтылып, жыйынга Адылбек Касымалиев жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов катышты. Маалыматка ылайык, салыктар жана төлөмдөр боюнча 308,4 млрд сом чогултулуп, план 40,1 млрд сомго ашык аткарылган, 2024-жылга салыштырмалуу таза өсүш 80,2 млрд сом болду. Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү кошо эсептегенде жалпы жыйым 391,8 млрд сомду түзүп, такталган…

Кененирээк

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталды

1-апрелге чейин декларация тапшырууга милдеттүү тараптар: -бюджеттен каржыланбаган ата мекендик уюмдар,-чет өлкөлүк компаниялар,-мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер. 1-майга чейин декларация тапшырат: -жеке ишкерлер жана патент менен иштегендер,-катталбаган юридикалык дыйкан чарбалары,-эл аралык уюмдарда жана чет элдик элчиликтерде иштегендер,-кирешесинен киреше салыгы алынбаган жеке жактар.

Кененирээк