Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы уулу Чеченстандын вице-премьери болду
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров 20 жаштагы уулу Ахматты өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ахмат жаңы оруну менен кошо спорт министри деген кызматын да сактап калды.«Кавказ.Реалии» басылмасы улуттук саясат, тышкы байланыштар, басма сөз жана маалымат министри Ахмед Дудаев да кызматынан көтөрүлгөнүн жазды.Рамзан Кадыровдун айтымында, бул дайындоолор өкмөт башчысы Магомед Даудовдун сунушу менен жүргөн….


