Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандардан сынакты жасалма интеллект алат

Кийинки жылдан тарта айдоочулук күбөлүк алууну каалаган кыргызстандыктардан экзаменди жасалма интеллект алат. “Эми сынактарга адамдар катышпайт. Экзаменге кирген адам компьютер берген суроолорго жооп берет, тапшырса өтөт”, — деди Каныбек Туманбаев. Президенттин иш башкаруучусу ошондой эле кыргызстандыктарды эски айдоочулук күбөлүктү мындан ары “Түндүк” тиркемеси аркылуу алмаштырууга болорун кошумчалады. Бул үчүн тиркемеге сөзсүз 083 формасындагы маалым катты…

Кененирээк

Өлкөнүн бардык аймактарында июнга чейин азык-түлүк саткан жарманкелери уюштурулат

Айыл чарба министрлиги бул аянтчаларда ишемби жана жекшемби күндөрү дыйкандар өндүргөн продукция элге түз жана жеткиликтүү баада сатыларын белгиледи. Ошондой эле министрлик негизги азык-түлүк боюнча тартыштык жоктугун, кор жетиштүү экенин кошумчалады. Ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Райондогу тиешелүү кызматкерлер түзүлгөн расписание боюнча жарманке уюштурууга милдеттендирилген.  Жарманкеде азык-түлүктөр базардагыдан арзан…

Кененирээк

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун жаңы онлайн форматы ишке киргизилди

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун жаңы онлайн форматы ишке киргизилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми айдоочулук күбөлүктү жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат. Кызматты…

Кененирээк

«Адахан» шахтасы урап, ичинде калган адамдар куткарылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “Адахан” шахтасы урап, ичинде адамдар калып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары шахтанын 110 метр тереңинде калган 4 адамдын өмүрүн сактап калышты. Куткаруучулар алгач жер алдында калган Сүлүктү шаарынын тургундарын дем алдыруу максатында, түтүк менен жер алдына аба жеткиришкен. Күжүрмөндүк менен уранды тазаланып, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү…

Кененирээк

Башаламандык уюштурууга шектелгендер СИЗО-1ге киргизилди

Бийликти басып алууга даярдыкты уюштуруу боюнча иштин фигуранттары СИЗО-1ге киргизилди. Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев, Кубанычбек Кадыров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2026-жылдын 27-декабрына чейин камакка алынды. Калган шектүүлөр тергөө абагына киргизилген. ИИМ буга чейин парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданып жүргөн делген топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген.

Кененирээк

Бишкекте «Алтай» шаарчасы курулат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы “Алтай” шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. “Алтай” — бул 234 гектар аянтта жайгашкан турак жай жана социалдык комплекстин ири масштабдуу долбоору. Бул жерде 1551 беш кабаттуу турак үй курулат. Бардыгы болуп ар кандай пландаштырылган 34 004 батир каралган. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы…

Кененирээк

Айтургандын өлүмү боюнча анын күйөөсү кармалды

25 жаштагы Маматкулова Айтургандын өлүмүнө шектүү адам кармалганын 31-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Ал маркумдун күйөөсү болуп чыкты. Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу» менен шектелип, «тергөө учурунда чогултулган жана аныкталган фактылык маалыматтардын негизинде» кармалган.Айтурган 2024-жылы 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Ал оор абалда медициналык мекемеге жеткирилген. Дарыгердин баштапкы корутундусунда…

Кененирээк

Оштун борбордук аянтында жаңы оргума ачылды

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош шаарында жаңы оргуманын жана сейил бактын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ачылыш онлайн режимде президент Садыр Жапаровдун катышуусунда болду. «Аталган курулуш шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылды. Бул жерде 40ка жакын заманбап отургучтар, светодиоддор, 4 оргума, заманбап жарыктандыруу…

Кененирээк

Кыргыз-кытай достугун даңазалаган иш-чара өттү

Бишкекте кытайлык кыргыздар негиздеген «ЭТНОСТАН» маданий борборунун демилгеси менен «Миң жылдар мурастаган кыргыз- кытай достугу» аталышындагы иш-чара өттү.Саамалык Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына, Шинжаңдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун 70 жылдыгына карата уюштурулду.Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган роликтер көрсөтүлүп, Манас айтылып, күү чертилип, баяндама жасалып, эки…

Кененирээк

Ошто 33 баланын тушоосу кесилди

Өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарынын борбордук аянтында 1 жаштан 3 жашка чейинки 33 баланын тушоосу кесилди. Буга балдар, кыз-келиндер, улуу муундагы кишилер чуркашты. Бул саамалыкты Дене тарбия жана спорт комитети уюштурган. Жеңүүчүлөргө ар түрдүү кызыктыруучу белектер менен ыйгарылды.

Кененирээк