Алмата-Бишкек жолунда кар күрткүгө кабылган 16 жаран куткарылды
Алмата-Бишкек жолунда кар күрткүгө кабылып жол жүрө албай калган Кыргызстандын 16 жараны куткарылды. Алар 11:40та Казакстандын Отар айылынан Кордайды көздөй жөнөтүлдү. Жеринде подполковник Ырысбек Жолдошбаев жетектеген кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын улантышууда. Кыргызстан тарап Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан «Бишкек-Алмата» кафесинде 150, Свердлов районундагы “Эне-Сай” жаңы конушундагы №21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы…


