Ош шаарында акысыз спорт мектеби ачылды

Ош шаарында биринчи жолу муниципалдык күрөш залы ачылды. Курулуш иштери өткөн жылы башталып, аны шаар мэри Бакытбек Жетигеновтун демилгеси менен ишке ашкан. Акыркы үлгүдөгү машыгуу залынын ачылуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келип таанышты. Спорт залды курууга республикалык буюджеттен 33миллион сом бөлүнгөн. Анда аялдар үчүн жана уул балдар үчүн өзүнчө бөлмөлөр, атайын бассейн курулган….

Кененирээк

Илим Карыпбеков дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырды

Илим Карыпбеков дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. “Бул менин жашоомдун эң чоң максат-кыялдарымдын бири эле эмес, өтө чоң жоопкерчилик эле. Чокуга жетпей кырсыктап калсам, балдарым, жакындарымдын алдында жоопкерчилик. Желекти чыгарам деп убада берип коюп, чыгара албай калсам эл алдында, демөөрчүлөр алдында, президент алдында жоопкерчилик.Жоопкерчиликтүү даярданып, бирок…

Кененирээк

Кара-Суу шаарында эл аралык талапка жооп берген футбол стадиону курулат

Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев менен бирге Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадионун азыркы абалы менен таанышуу учурунда билдирди. Камчыбек Ташиев эскилиги жетип, талкаланып калган бул стадионду…

Кененирээк

Самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө

Бишкекте күн мурун спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүүдө. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана…

Кененирээк

Акжол Махмудов күмүш байге утту

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов () Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байге утту.Махмудов таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде казакстандык балбанды уткан. Андан кийин ирандык спортчуну жеңген.Алтын үчүн Махмудов япониялык Нао Кусака менен 77 кгда күрөшүп, 2:4 эсебинде жеңилди. Натыйжада ал Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болду.Эскерте кетсек, буга чейин Махмудов Азия чемпионатында…

Кененирээк

Кыргыз фудбол курамасы кайрадан алдыңкы жүздүккө кирди

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде кайрадан алдыңкы жүздүккө кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты. 4-апрелде FIFA уюмунун расмий сайтында футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыланган рейтинги чыкты. «Ак шумкарлар» төрт позицияга көтөрүлүп, капчыгында 6 упай менен 100-орунду ээледи.Эске салсак, команда Азия кубогундагы жеңилүүлөрдөн кийин 104-орунга (февралда) түшкөн. Андан кийин улуттук курам 2026-жылы…

Кененирээк

Долбоор жазып фитнес зал ачкан айымдар

Жалал-Абад облусуна караштуу алыскы Кашка-Суу айылынын жигердүү айымдары долбоор жазып, машыгуу залын ачкан. Фитнес залдын ишке кирүүсү пенсия курагындагы энелерге чоң пайдасын тийгизүүдө. Анткени аз кыймыл менен үйдө отура бербестен сергек жашоого умтулуулары күчүгөн. Долбоор жазып айыл жергесинин өнүгүүсүнө үлүшүн кошкон айымдар максаттарын ишке ашырууга эмне түрткү болгону тууралуу кеп кылышты. Иштен кечиккенсип шашып барам……

Кененирээк

Кыргызстанда хоккей боюнча чемпионат башталды

Кыргызстанда хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты башталды. Кыргызстандын курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн ат салышат. Улуттук команда бул үчүн Мексика, ТАР, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланд менен күч сынашмакчы. Турнирди ТАР менен Мексиканын командалары баштап берди. Түштүк Африканын оюнчулары мексикалыктарды утуп алды, андан соң Түркмөнстан менен Люксембург ойноду. Аталган беттештерден кийин чемпионаттын ачылуу аземи өтүп, артынан…

Кененирээк

Эл аралык турнирде Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынды

Балбан Эрназар Акматалиев Түркияда өтүп жаткан эл аралык турнирининн финалында жеңишке жетишип, алтын медаль тагынды. Кыргызстандык спортчу 70 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Алгач мекендеши Алибек Осмонов менен беттешип жеңишке жетти. Андан соң тажикстандык, япониялык жана монголиялык атаандаштарын артта калтырган. Бул турнирде Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Бекзат Алмаз уулу, Улукбек Жолдошбеков алтын…

Кененирээк

Кыз-келиндердин спорттук беттеши

Оштогу мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканада эмгектенген кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдеш өттү. Иш чараны Ош шаарынын мэриясы менен дене тарбия жана спорт комитети 8-март аялдардын эл аралык майрамынна карата уюштурган. Мелдеш 2024-жылдын 5-6-март күндөрү Ош шаарындагы “Кыргыз-Иран достугу” спорт залында жана “Ош шаардык теннис жана стол тенниси» спорт мектебинде болуп өттү.Майрамдык…

Кененирээк