34 жыл «аралыкка» багынбаган агартуучулук
Каныкей Ыдырысова 53 жашта, Кара-Кулжа районуна караштуу Ничке-Суу айылынын тургуну. Ал 4 чакырым жолду жөө басып, Терек-Суу айылындагы мектепке жумушуна барат. Жол катар 4 мезгилге карабай ээн-талааны жана тоолорду аралап өтөт. Мектепсиз жашоосун элестете албаган каарманыбызга бул жол 34 жылдан бери тааныш. Ничке-Суу айылында башталгыч класс гана бар болгондуктан өзүнүн 5 баласы менен кошо Терек-Суу…

