Окуучулар кышкы эс алууга качан чыгаары айтылды

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 1-январдан баштап 14-январга чейин болот. Бул тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Ведомстводон кабарлашкандай, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат. Эскерте кетсек, окуучулардын күзгү эс алуусу 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин болгон.

Кененирээк

Жеке жана мамлекеттик нотариустардын укугу теңделди

Жеке нотариустарга мамлекеттик нотариустардай эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди. Бул өз кезегинде мамлекеттик нотариалдык кеңселердеги кезектердин санын азайтат жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Буга чейин жеке нотариалдык кеңселердин мурастоо күбөлүгүн берүү укугу жок болчу. USAIDдин «Жигердүү Жарандар» жана «Укук Булагы» долбоорлорунун колдоосу менен мурастоо иштерин жүргүзүүгө жеке нотариустарга уруксат…

Кененирээк

Президент «Торугарт 2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңыланган «Торугарт 2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.Өлкө башчы көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышып, чек арадан өтө турган унаалар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, Садыр Жапаров келерки жылдын жаз айларынан тарта…

Кененирээк

Кыргызстандын таэквондочулары эл аралык турнирде 20 медалга ээ болушту

Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык турниринде өлкөнүн таэквондочулары 20 медалга ээ болушту. 15-17-декабрь күндөрү өткөн таэквондо боюнча мелдешке Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышкан. Алар 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди.Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышты.

Кененирээк

Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломатиялык алакасына 30 жыл

Ташкент шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максутов тилибиздеги, дилибиздеги окшоштук эки элдин ортосундагы ажырагыс бекем көпүрө катары биримдиктин маанилүү компоненти болуп калаарын,…

Кененирээк

Туу өзгөрсө расмий документтер мөөнөтү бүткөнчө жарактуу болот

Кыргызстанда мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн бардык расмий документтер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорунда жазылган. Ошондой эле автоунаалардын номерлери, унааны каттоо күбөлүгү аларды алмаштыруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдын чечими чыкканча жарактуу болот.Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун кабыл алды.

Кененирээк