Калкты тейлөө борборлору жаңы-жылдык майрамга карата эс алышат

Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлору жана паспорт бөлүмдөрү 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигнин басма сөз кызматы билдирет.Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан боюнча 36 ири жана 5 кичи Калкты тейлөө борбору иштеп жаткандыгын эскертти. Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазылса болот. Ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жана…

Кененирээк

«102» кызматына чалган 6 жаштагы баланын кыялы орундалды

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун жаш тургунунун кыялын орундатышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине билдиришти. Анда 6 жаштагы Темирлан аттуу бала милициянын «102» кызматына телефон чалып, өзүнүн туулган күнүнө карата жашыл түстөгү оюнчук трактор жана милициянын унаасына түшүрүүнү суранган.Милиция жеткинчектин каалоосун аткарып, ал сураган белекти алып, милициянын унаасына түшүргөн. “Милиция кызматкерлери Темирланга белек сатып алып, баланын…

Кененирээк

Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын эң доминант балбаны деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.Махмудов быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес. Ал Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан. Махмудов беттештердин 55%ын мөөнөтүнөн мурда жеңген (упай боюнча же…

Кененирээк

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Жаңы жыл майрамына карата кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары жабылат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.Өткөрүү пункттары 1-январь күнү гана иштебейт. Ал эми 2-январдан тарта жумушун штаттык режимде улантат.Белгилей кетсек, «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары иш күндөрү гана ачык, ишемби жана жекшемби жабык болот.

Кененирээк

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу аймактарына 29-30-декабрь күндөрү унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу , Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунда жана Кызыл-Бел – Акташ унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт….

Кененирээк

Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды

Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. «Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Элдик курултайдын Улуттук Кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы жыйналышынын протоколунун негизинде Абдылдаев Мыктыбек Юсупович Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды«, — деп айтылат…

Кененирээк