Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга салтанаттуу иш-чара уюштурулду

Бүгүн Ош шаарында 1-декабрь Эл аралык майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Бабур театрында майыптыгы бар балдар үчүн иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, майыптыгы бар адамдардын укугун жашоонун бардык тармактарында коргоого, аларга ар тараптуу…

Кененирээк

Быйыл Ысык-Көлдө 1 миллион 300 миң турист эс алган

Быйыл Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келип эс алган. Бул тууралуу Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусунда жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен жолугушуу учурунда маалымдалды. «Биздин аймактагы туристтердин саны өсүп жатканын байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү жогоруу деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе бул экологияны коргоо жана эс…

Кененирээк

Өлкөдө ВИЧтен көз жумган 3233 учур катталды

2023-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда иммундук жетишсиздик вирусунун 13 030 учуру расмий катталды. Анын 12 272си – Кыргызстандын жарандары калганы чет өлкөлүктөр. Көрсөткүчтүн 46% аялдар менен кыздар түзөт. Бул тууралуу Республикалык Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору маалымдады.Эпидемияга байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эсептерге караганда, 3233 адам вирустан көз жумду. Дүйнөлүк саламаттык…

Кененирээк

Кыргыз азыктарын Түркиядагы белгилүү соода тармагы сатып алат

Түркиядагы белгилүү Happy Center соода тармагы кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сатып алат. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.Ага ылайык КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин катышуусунда Түркия Республикасындагы Happy Center соода тармагынын ээси Явуз Алтун мырза жана кыргызстандык экспортчулар менен иштиктүү жолугушуу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Happy Center соода тармагына ата…

Кененирээк

Мектепте бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү тараткан окуучулар аныкталды

30-ноябрда Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү тараткан 3 окуучу аныкталды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары кармалган. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Аталган мектеп…

Кененирээк

Турак-жай кооперативдери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Маалыматка ылайык, турак жай кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти гана жүзөгө ашырат,башка түрлɵрү каралбайт. Кооперативдердин ишин, анын ыйгарым укуктары Министрлер кабинети…

Кененирээк