«Дордой» клубуна башкы машыктыруучу дайындалды

Орусиялык адис Максим Лисицын «Дордой» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз профессионалдык футболдук лигасынан билдиришти. Келишим бир сезонго каралган. Кыргыз футбол союзу менен макулдашуу боюнча, Лисицын Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын (U-23) башкы машыктыруучусу кызматында калат.

Кененирээк

Бишкекте эртеңден тарта жаңы №146 каттам ишке кирет

Бишкекте эртең, 29-декабрдан тарта №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет. Жаңы каттамга 25 автобус чыгаруу пландалууда, ал эми кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдын баштапкы аялдамасы — «Бишкек автобекети» мамлекеттик ишканасы, акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы болмокчу.Автобустук каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт. Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан айланма жол менен…

Кененирээк

Каза болгон пенсионерге канча сом төлөнөт?

Каза болгон пенсионерге Социалдык фонд 31 миң 700 сом төлөп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мекеменин төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди. Маалыматка ылайык, акча маркумдын жакындары кайрылган учурда гана бир жолу төлөнөт.“Пенсионердин каза болгондугу тууралуу маалымдама менен анын жакындары Социалдык фондко кайрылышы керек. Болбосо акча берилбейт. Жакындары, үй-бүлөсү болбосо, маркумду кошунасы акыркы сапарга…

Кененирээк

ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакциналарды сактоо үчүн 11 жаңы муздаткыч камера берди

ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакциналарды сактоо үчүн 11 жаңы муздаткыч камера берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, жабдуулардын жана монтаждын жалпы баасы 35 млн сомдон ашат. Бул объекттер Канада өкмөтү тарабынан вакциналардын коопсуз сакталышын камсыздоо боюнча глобалдык демилгенин алкагында каржыланат. Муздаткыч камералар Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарына орнотулат. Бул жерлер Саламаттык сактоо…

Кененирээк

Кыргызстанга 9 айда чет элден 654 млн 621,9 миң доллар инвестиция тартылды

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында чет элдик түз инвестициянын келиши 654 млн 621,9 миң долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйынында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2022-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанга келип түшкөн тикелей чет элдик инвестициянын агымынын лидери Түркия болсо — 341,6 млн доллар, экинчи орунда…

Кененирээк

Ош шаарында муниципалдык күрөш залы курула баштады

Ош шаарында муниципалдык күрөш залы курула баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Сай-Бою көчөсүндө салынып жаткан мекемеде спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Курулуштун жалпы аянты 588 м2 түзүп, улан, кыздардын машыгуусу үчүн ылайыкталган. Муниципалдык күрөш залынын курулуш иштеринен калаа башчысы Бакытбек Жетигенов таанышты.Шаар…

Кененирээк