Өлкөдө 11 айда 86 миңден ашуун сатып алуу келишими катталды

Кыргызстанда 11 айда Жер ресурстары кызматы 86 миңден ашуун сатып алуу келишимин каттады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.Кызматтардын түрлөрү боюнча алсак:— кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча 420 555 бирдик катталган;— нотариалдык күбөлөндүрүүнү милдетүү талап кылбаган укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча 111 355 бирдик катталган;— кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүү боюнча 376 984…

Кененирээк

Жумуш издеген мугалимдер үчүн портал ачылат

Кыргызстанда жумуш издеген мугалимдер үчүн улуттук mugalim.vacant порталы ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева «Биринчи радионун» 25-декабрдагы эфиринде билдирди. Министр өз сөзүндө мыкты мугалимдерди тандоо мезгили келип жеткендигин баса белгиледи.«Мугалимдерди тандоо системасында өзгөрүүлөр башталат. Кайсы жерде мугалимдин орду бошосо электрондук порталга киргизилет. Жумуш издеген мугалим порталдан маалымат таба алат. Ошондой эле…

Кененирээк

Автоунааларга милдеттүү түрдө видеокөзөмөл орнотуу сунушталды

Кыргызстанда автоунааларга милдеттүү түрдө видеокамера орнотууну ИИМ сунуштады. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоорунда жазылгандай бардык автоунааларда жазуучу прибор болушу керек. Бирок мында тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар жана башка транспорт каражаттарынын түрлөрү кошулбайт. Эгер долбоор ишке ашса мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Видео көзөмөл каттагычты автоунаа ээлери өздөрү сатып алышат….

Кененирээк

Дубайда Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары беттешет

Бүгүн Дубайда Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Оюн машыгуулар алкагында өтүп, анда футболчуларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелбейт. Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөр жок жабык форматта өтөт. Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катарда болот. Кыргызстан бул мелдеште Таиланд, Сауд…

Кененирээк

Маданият министрлиги кыргыз сериалы үчүн 16,5 млн. сомго сценарий сатып алат

“Муз үстүндөгү гүлдөр” сериалынын адабий сценарийин жазуу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тендер жарыяланды. Бул тууралуу «Кабар» кыргыз улуттук мамлекеттик агенттиги мамлекеттик сатып алуулар порталына шилтеме берип жазып чыкты. Анда тендер Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган.Кызматтын баасы 16,5 млн сомго бааланды. Сынактык арыздарды 27-декабрга чейин берүү зарыл.Техникалык…

Кененирээк