ОшМУнун студенттери эл аралык олимпиадада 2-орунду ээледи

Орусиянын Новосибирск шаарынды өткөн «Морфология жана хирургия” II эл аралык форумунун олимпиадасында Ош мамлекеттик университетинин студенттери 2-орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. ОшМУнун Vit’oss студенттер командасы олимпиаданын жүрүшүндө жаныбарлардын жүрөк-кан тамырына, ичеги-карынына, жыныстык органдарына заманбап ыкмалар менен лапароскоп аппаратынын жардамында операцияларды жасашкан. Аны менен катар жарааттарды жабуунун бир…

Кененирээк

Жаңы- жылда 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Кыргызстанда жаңы-жыл майрамына карата 10 миңден ашык милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.Милиция кызматкерлери 30-декабрдан 2-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бүгүн Бишкекте аларга саптык көзөмөлдөр жүргүзүлүп, ошону менен катар милициялардын майрам күндөрүнө болгон даярдыгы текшерилди.

Кененирээк

Депутат педофилдерди жашына карабай өмүр бою абакка кесүүнү сунуштоодо

Кыргызстанда педофилдерге пробация колдонбоо жана кылмышкердин жашы 60тан ашса да өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын колдонуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору депутат Марлен Маматалиев тарабынан даярдалган. Аталган документ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинде каралды. Маматалиевдин айтымында, азыркы мыйзамда педофил жашы 60тан ашса, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбайт деген норма бар. Мындан…

Кененирээк

Сасык тумоого чалдыккандардын 65% жаш балдар

Өткөн аптада сасык тумоо жана башка вирустук илдеттер менен ооруган жарандардын саны 16 миңди түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.Ооругандардын 65 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Департамент бул мезгилде А тобундагы сасык тумоо күч алаарын белгилейт.Андан сырткары COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар дагы бар. Күнүнө 2-5 учур катталууда.Департамент ооруга чалдыккандарды беткап эрежесин жана санитардык…

Кененирээк

Ноокатта саатына 80 тонна асфальт чыгаруучу завод курулууда

Ош облусунун Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүндө таш майдалоочу жана асфальт-бетон чыгаруучу заводдун курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Курулушка 10 гектар жер каралган , асфальт заводунун өндүрүмдүүлүгү саатына 80 тоннаны түзөт. КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев тиешелүү жетекчилер менен жеринде жолугушуу өткөрүп, курулуштун кээ бир аспектилерин…

Кененирээк

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Яндекс Go менен макулдашууга кол койду

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Yandex Go маалыматтык тейлөө кызматы макулдашууга кол койду. Документ жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансын сактоого багытталган. Макулдашуунун алкагында тараптар биргеликте керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана рынокто атаандаштыкты колдоо мыйзамдарын сактоо максатында, суроо-талаптарды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу топ түзөт. Ошондой эле кызмат монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо жана компаниянын…

Кененирээк

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара жаңжалында эки өлкөдө калган унаалар алмашылды

Кыргызстан менен Тажикстандын аймактарында кармалып турган жүк ташыган машиналар алмашуу жолу менен бошотулду. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. Жолугушууга эки облустун чек арага чектеш район шаарларынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Тараптар 2023-жыл ичинде чек ара аймактарында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулап, келерки жылга иш пландарды кабыл алышты. Анда эки облустун чек арасында…

Кененирээк