Депутат Улан Примов Япониянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Тармактык комитеттин төрагасы Улан Примов Кыргызстан Японияны саясий жана соода-экономикалык кызматташтык, демократиялык өнүгүүнүн жалпы баалуулуктарына ээ болгон жакын дос жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары карай турганын…

Кененирээк

Ар бир окуучу жана мугалим ноутбук менен камсыздалат

Министрлер кабинети өлкөдөгү мугалимдер менен окуучулардын ар бирин ноутбук менен камсыз кылмакчы. Бул тууралуу Акылбек Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын ишке ашырууга байланыштуу жыйында билдирди. Анын айтымында, этап-этабы менен мектепти санариптик трансформациялоо башталат.“Биринчи этапта ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылабыз. Мугалимдер ар бир айылда, ар бир шаарда эң алдыңкы адамдардан болууга тийиш. Андан соң…

Кененирээк

Садыр Жапаров: базарлар 1-июлга чейин патент менен иштейт

Кыргызстандын базарларында патент менен иштөө системасы 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барганда билдирди.Эске салсак, 2024-жылдын 1-январынан тарта патент менен иштөө системасы жоюлаары маалымдалып, соңку күндөрү бир катар ири базарларда буга каршы нааразычылык акциялары өтүп жаткан. Буга чейин президенттин тапшырмасы менен базарларда жүрүп жаткан нааразычылыктарды иликтөө үчүн атайын коммиссия да…

Кененирээк

Туулгандыгы тууралуу күбөлүккө жана “кара кагазга” аралыктан арыз калтырса болот

Мындан ары жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана өлгөндүгү тууралуу маалымкатты алуу үчүн аралыктан электрондук арыз беришсе болот. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Пилоттук долбоор 2023-жылдын 1-декабрынан тартып иштеп баштайт. Иш аракеттин максаты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик каттоо кызматтарына арыз ээлеринин көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана мамлекет менен…

Кененирээк

Кыргызстанда Гонконг сасык тумоосу катталды

Ош шаарында бейтаптан “Гонконг” (A H3N2) сасык тумоосу аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Дарыгерлер анын тез жугуп, башка вирус менен бирге дагы жашай берерин белгилейт. Ал 65 жаштан ашкан адамдар жана 2 жашка чейинки балдар үчүн кооптуу.Белгилей кетсек, Гонконг вирусу Гонконг шаарында 1968 жылы катталган. Ал XX кылымдын…

Кененирээк

Түркиядан жасалма доллар алып келип саткандар кармалды

Бишкекте Түркияда жасалган АКШнын жасалма валютасын сатып жүргөн эки адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Шектүүлөр Кыргызстандын жарандары. Алар УКМКнын Жалал-Абад облустук тергөө абагына киргизилди.Маалыматка караганда, шектүүлөр Өзбекстан жана Түркиянын жарандары менен биргеликте иш алып барышкан.Аларга каршы Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо беренеси менен иш козголду.

Кененирээк