Кыргызстан 9 ай ичинде 13 тонна алтын сатты

Быйылкы жылдын тогуз айында Кыргызстан жалпы баасы 805,5 миллион долларга жеткен 12 тонна 886,2 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу маалыматты Статком билдирди. Сатып алган өлкөлөр: Швейцария — 10 тонна 607,2 килограмм; БАЭ — 1 тонна 294,7 килограмм; Гонконг— 984,3 килограмм. Эскерте кетсек 2022-жылдын ушул маалында республика 69,4 килограмм, ал эми жыл соңуна чейин 290,5 килограмм…

Кененирээк

2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 55 млрд. сом бөлүү пландалууда

Келээрки жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Министр маалымдагандай, алдыдагы эки жылда бул тармак өз убагында каржылоонун аркасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун акталышынын эсебинен карызын азайта алат. Ошондой эле Бакетаев 2023-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 26 млрд сомдон ашыгыраак болгонун белгиледи….

Кененирээк

Кыргызстанда тик-ток тиркемеси азырынча жабылбайт

Өлкөдө тик-ток тиркемеси жакынкы арада жабылбайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев билдирди. Министр Кыргызстанда аталган тиркемени жабуу өтүнүчү, 2023-жылдын августунда түшкөндүгүн эске салды. Мындай чара балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган. «TikTok тиркемесин…

Кененирээк

Баткенде логистикалык борбор курулат

Баткендин Ак-Татыр айылына логистикалык борборду куруу пландалууда. Курулушка жалпы 22млн сом каралган. Бул каражаттар облусту өнүктүрүү программасынын алкагында районго бөлүнгөн 125 млн сомдун эсебинен сарпталат. Мындай маалыматты жергиликтүү бийликтен билдиришти. Ошону менен катар Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын азык-түлүктү, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт. Анын алкагында жаңы жумуш орундары…

Кененирээк

Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызга канча сумма төлөйт?

2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.  2023-жылы карызды төлөөгө 53 млрд сом каралып, өз убагында төлөнүүдө «Учурда биз төлөмдөрдүн эң жогорку стадиясындабыз жана бул этаптан ишенимдүү өтүү үчүн бюджет саясатын профицитти түзүү менен болжолдоп жатабыз, бул бизге карызды кошумча…

Кененирээк

Жаш спортчулар Казакстанда өткөн турнирде 6 медаль утту

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн турнирде жеңишке ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, күрөш өнөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары дзюдо боюнча уландар жана кыздар арасында «ARLAN JUDO KIDS TOURNAMENT» ачык турниринин жеңүүчүлөрү болушту. Мелдеш 8-11-декабрь аралыгында Казакстандын Тараз шаарында өттү. Жаш спортчулар жалпы 6 медалга ээ болушту, алар:Темирлан Тургунбеков…

Кененирээк

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу графиги бекиди

Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2024-окуу жылына карата ЖОЖдорго (Жогорку окуу жайларга) кышкы кабыл алуунун алкагында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты. Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт:I тур – 2023-жыл, 25-30-декабрь;II тур – 2024-жыл, 8-13-январь;III тур – 2024-жыл, 15-20-январь;IV тур…

Кененирээк

Бишкекте унаа токтотуучу жайларга электрондук төлөм киргизилет

Бишкек шаарындагы унаа токтотуучу жайларга электрондук төлөм киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты. Ага ылайык пилоттук долбоор 2023-жылдын 18-декабрынан тарта ишке түшөт.Бул иш-чара Токтогул — Тыныстанов — Фрунзе — Турусбеков көчөлөрү менен чектелген кварталда тест режиминде башталат. Белгилей кетсек, жаңы ыкма Бишкек шаарынын мэриясынын аймагынан (борбордук аппараттын имаратынын жанында) башталат, ал жерде муниципалдык унаа…

Кененирээк