Түркиянын көп кылымдык кооз шаарлары – Cittaslow тармагына кошулду

Түркиянын Кара деңизинин батышындагы эки кичинекей шаар Сафранболу жана Дадай Эл аралык тынч шаарлар тармагына (Cittaslow) кошулду. 23-мартта Бельгиянын Дамм шаарында Cittaslow эл аралык координациялык комитетинин отурумунда аталган шаарлар Cittaslow тармагына кошулду. Тармактагы райондордун катталышы менен Түркиядагы Cittaslow шаарларынын саны 25ке жетти.Cittaslow тармагына кошулуу үчүн абанын сапаты, канализация системалары, сабаттуулук жана шаар куруу динамикасы сыяктуу…

Кененирээк

Товарларды бажы алымсыз ташып келүүнүн босогосу өзгөрдү

1-апрелден тарта жеке колдонуу үчүн товарларды бажы алымсыз ташып келүүнүн босогосу өзгөрдү.Буга чейин,чет элдик интернет-дүкөндөрдөн товарга буйрутма берген жарандарды колдоо максатында убактылуу жеңилдиктер киргизилген. Ага ылайык, 2022-жылдан бери интернет-дүкөндөрдөн буюртма кылган товарлардын баасы 1000 евродон ашпаса пошлина төлөнчү эмес. 1-апрелден тарта бул жеңилдик алып салынды.Мындан ары учактан башка транспорт менен ташылган товардын наркы 500 евродон…

Кененирээк

Президенттин жарлыгын аткарбагандар ээлеген кызматынан бошотулат

Президенттин жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбагындар ээлеген кызматынан бошотулат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-январында өлкө жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койгон. Бирок айрым жетекчилер аны аткарбай коюунун айласын көрүп жатышат. Алагөзовдун айтымына караганда, аталган…

Кененирээк

Өлкө аймагында мугалимдердин жетишсиздиги байкалууда

Өлкөнүн мектептеринде 650дөй мугалим жетишсиз. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерде көбүнчө табигый жана так илимдер боюнча мугалимдер аз экенин билдирди. Улуттук статистка комитетинин өткөн жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда 116 миңге жакын педагог эки миллионго жакын баланы окутат. Эске салсак,Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан…

Кененирээк

Митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды

Бишкектин борборунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Сот Биринчи май акимчилигинин «Тынч чогулуштарды өткөрүү жерлерин чектөө жөнүндө» токтомун мыйзамдуу деп табуу боюнча арызын канааттандырган. Ага ылайык, тынчтык акцияларын өткөрүүгө тыюу 30-июнга чейин узартылды. Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки…

Кененирээк

Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 2-апрелде суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө төмөндү даректерде ичүүчү суу токтотулат. Достоевский, Анкара, Ауэзов — темир жол, көчөлөрү менен чектелет,Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок турак жай конуштары.«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты,…

Кененирээк

Нарында брюсель капустасын өстүрүү сунушталууда

Нарындын дыйкандарына брюссель капустасын өстүрүү сунушталат. Айыл чарба министрлиги билдиргендей аталган жашылча аба ырайы катаал Бельгияда гана өстүрүлөт. Капуста 5-6 айда бышат. Күн мурун Өсүмдүктөрдү экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов “КыргызЦентрПродукт” компаниясы менен биргеликте жана RUK ZWAAN компаниясынын агрономдору райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына жана дыйкан-фермерлерге жогорку маржиналдуу өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча онлайн семинар өткөрдү. Жогоруда…

Кененирээк