Ошто Амантай, Эсентай, Эртай аттуу үч эм төрөлдү

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын майору Мырзабек Тороевдин үй-бүлөсүндө үч эм уулдар жарыкка келди. Наристелер 19-апрелде төрөлүшкөн. Аларга — Амантай, Эртай жана Эсентай деген ысым ыйгарылды. Милиционердин кесиптештери аны үй-бүлөнү жаңы толуктоо менен куттукташты.

Кененирээк

Ошто шайлоо өнөктүгүнө аралашкан кызматкерлерге карата чара көрүлдү

Ошто шайлоо өнөктүгүнө аралашкан кызматкерлерге карата чара көрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга чейин социалдык тармактарда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары катышып жатат» деп тараган маалыматтын негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, комиссиянын чечими менен төмөнкүлөр кызматтан бошотулду. Кадыркулов Элдияр Тажибаевич — Ош шаардык Маданият башкармалыгынын башчысы;Эгамбердиев Рустам Октамбекович…

Кененирээк

Ош милициясы шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр!

Ош шаарынын борбордук аянтында укук коргоо органдарынын Ош горнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү. Бул иш чаранын негизги максаты 28-апрелде Ош шаарында өтө турган бир мандаттуу шайлоого даярдык болуп саналат. Анткени шайлоону өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоододо милиция кызматкерлеринин таасири чоң. Иш чара Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Акылбек Бекишовдун жетекчилиги менен өткөрүлдү….

Кененирээк

Ошто 800дөй турак сел суулардан тазаланды

Ошто 800дөй турак жай сел сууларынан тазаланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, облус боюнча жалпы 1 миңдей үйдү сел каптаган. Учурда 786 турак жай калдыктардан тазаланды. Калган 197 үйдүн короо-сарайларында тазалоо иштери уланууда. Материалдык чыгымдар да такталып жатат. Эске салсак, табигый кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү үчүн облус аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Кененирээк

Калкты тейлөө борборлору май майрамдарында түшкү тыныгуусуз иштейт

Май майрамдарында Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги жарыяланды. Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, 6-7-8 жана 10-11-майда Калкты тейлөө борборлору жана Региондор аралык бөлүмдөр штаттык режимде түшкү тыныгуусуз иштейт. Ошондой эле Бишкектеги кичи Калкты тейлөө борборлорунда жалпы жарандык паспортторду жана e-ID алуу боюнча кызмат көрсөтүлөт.

Кененирээк

30-апрельге чейин салык органдары түн ортосуна чейин иштешет

Бүгүнтөн тарта 30-апрелге чейин салык органдары түн ортосуна чейин иштейт. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, иштөө убактысын узартуу чечими салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүк жүргүзүү максатында кабыл алынды. Ага ылайык, документтер иш күндөрү жана дем алышта эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин кабыл алынат. Эске салсак, 1-майга чейин өткөн жылга кирешеси боюнча отчетту…

Кененирээк

Кыргызстан Азербайжандын Агдам шарына мектеп курат

Кыргызстан Азербайжандын Агдам шаарына мектеп курат. Азербайжан Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана салат. Мындай келишим кечээ Бакуда өткөн Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынынын жыйынтыгында жетишилгени белгилүү болду. Мындан тышкары, Баку шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды. Эске салсак, Садыр Жапаров учурда мамлекеттик сапар менен Азербайжанда жүрөт.

Кененирээк

9-майда Орусияда “өлбөс полктун” жүрүшү болбойт

Быйыл Москвада 9-майда “Өлбөс полктун” жүрүшү болбойт. Иш-чара онлайн форматта өткөрүлөрүн орус Телеграм-каналдары жазды. Маалыматка ылайык, жүрүш “коомдук коопсуздукка коркунуч жаралып жатканына” байланыштуу мурдагыдай өткөрүлбөйт. Башка шаарларда да иш-чара болбойт.

Кененирээк

Президент Жапаров Зулушев менен Тургунбаевге сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Лицензиялоо боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканын жазган. Президенттин тапшырмасы…

Кененирээк

Билим берүүгө тармагына лицензия берүү электрондук негизде жүргүзүлөт

Кыргызстанда 1-майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы аркылуу гана жиберилиши керек. Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок болгондуктан, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат. Жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу…

Кененирээк