Эми нотариалдык кызматтар ишемби күнү да иштейт

Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу. Мындан тышкары, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга кайрыла алышат. Эске салсак, 9-июнга чейин мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштырууга болот.

Кененирээк

Кыргызстанга Германиядан 17 автобус келди

Кыргызстанга Германиядан 17 автобус келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында транспорт үч эшиктүү жана жүргүнчү ташууга ылайыкталган. «Автобустар грант түрүндө, башкача айтканда, акысыз негизде берилди», — деди Алагөзов.

Кененирээк

Казакстандын борборунда Манастын эстелиги ачылды

Казакстандын борбору Астана шаарында Манастын эстелигинин ачылышы болду.Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргызстан менен Казакстандын президенттери, коомдук жана маданият ишмерлери катышты.Иш-чарада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Манастын эстелигинин борбор калаада орнотулушу казак элинин бооордош Кыргызстанга болгон сый-урматын көрсөтүп турарын айтты.Ал эми Садыр Жапаров «Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхий жана руханий мурасы экенин белгилеп, Токаевге жана эстеликтин ачылышына салым…

Кененирээк

Самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө

Бишкекте күн мурун спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүүдө. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана…

Кененирээк

Кыргызстан электрондук тахографтарга карточка чыгара баштайт

Кыргызстанда майдын аягында электрондук тахографтарга карточкаларды (чип карта) чыгаруу болжолдонууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматында белгиленгендей, министрдин орун басары Бекжан Рысмендеев баштаган кызматкерлери, Эл аралык ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана Европа өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандык айдоочулар катышкан жолугушуу өттү. Анда 1970-жылдын 1-июлундагы Женева шаарында түзүлгөн Европа макулдашуусун жүзөгө ашыруу, анын…

Кененирээк

Картошканы кайра иштетүүчү завод курулууда

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүндө картошканы кайра иштетүүчү завод курулууда. Бул тууралуу Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Ага ылайык заводдун курулушу аяктаса жүздөгөн адамдар жумуш менен камсыз болот. Бирок, бул жерде жумуш орундарын түзүү гана эмес, фермерлер үчүн айыл чарба продукциясын туруктуу сатуу мүмкүнчүлүгү да абдан маанилүү. «Учурда көпчүлүк дыйкандар түшүмдүн көптүгүнөн картошканын арзан баасына…

Кененирээк

Кене вирустук энцефалитке кимдер көп кабылышат?

Кенелердин активдүүлүгүнүн мезгили келди, суук түшкөнгө — кеч күзгө чейин созулат. Кене энцефалити – бул биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Оорунун кесепеттери майыптыкка жана өлүмгө алып келет. Кене энцефалитинде адам өзүн алгач алсыз жана начар сезет. Болжол менен бир жумадан кийин бул симптомдор басаңдашы мүмкүн, бирок андан кийин катуу баш…

Кененирээк

Мамлекеттик нотариустардын иштөө мөөнөтү өзгөрөт

Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар 22-апрелден тарта ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу экендигин Юстиция министрлиги маалымдады. Мындан тышкары, Чүй облусундагы нотариустар да ишке тартылып, Юстиция министрлигинин кызматкерлери Бирдиктүү мамлекеттик нотариалдык кеңседе кеңеш беришет. Аны менен катар, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга да…

Кененирээк

Тик-токтун жабылышына тынчсыздануулар байкалууда

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму Кыргызстанда ТикТоктун жабылышына тынчсыздануу билдирди. Уюмдун билдирүүсү X социалдык тармагына жарыяланды. «Жашы жете электерди коргоо шылтоосу менен бул чечим интернетте маалымат алуу укугун чектейт. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму өкмөттү бул өзүм билемдик менен бөгөт коюуну алып салууга жана платформаларды жөнгө салуу үчүн так мыйзамдык базаны аныктоого чакырат»,…

Кененирээк

Кыргызстанда азык-түлүк көйгөйү жаралышы ыктымал

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков билдирди. Анын айтымында, бийлик азыр бул маселени ойлонуп, буудай менен арпа камдашы керек. Былтыр Кыргызстанга 370,8 миң тонна буудай импорттолсо, анын 351,4 миңи Россиядан, калганы Казакстандан келген. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга 370,8 миң тонна буудай импорттолсо, анын 351,4…

Кененирээк