Ош : 13 үй-бүлөөгө ишкердигин баштоого жардам көрсөтүлдү
Ош шаарында 13 үй-бүлөгө чакан ишкердигин баштоо үчүн товарларды жана жабдууларды сатып алууга сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Белгилей кетсек, үй-бүлөлөр гендердик стереотиптерди жана басмырлоону жоюуга, зомбулукту азайтууга багытталган «Татыктуу жашоо» долбооруна катышкан. Аталган долбоор Ош шаарынын мэриясы менен «ДИА» коомдук фонду, «Alert International» уюму жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду менен биргеликте Улуу Британия…

