Ош шаарындагы «Келечек» базары көчүрүлдү

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык, 1-марттан шаарындагы эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери жүрүп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган базардан бүгүнкү күнгө карата жайгашкан жалпы 1200 соода түйүнүнүн ичинен 700дөн ашуун соодагер өз соода орундарын бошотуп чыгып кетишти. Калган соода түйүндөрүн да көчүрүү иштери улантылат. Соодагерлерди көчүрүү иштерине Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бардык тиешелүү…

Кененирээк

Жакынкы Чыгышта жана Афганистан менен Пакистандагы мекендештер үчүн маанилүү маалымат!

Аталган аймактарда кырдаалдын курчушуна байланыштуу, ТИМ чет өлкөдөгү мекемелердин ыкчам байланыш телефондорун жарыялады: КРдин Кувейттеги элчилиги: +96550887691КРдин Катардагы элчилиги: +97450667001КРдин Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилиги: +966583769945КРдин БАЭдеги элчилиги: +971522255269КРдин Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971522918840КРдин Ирандагы Элчилиги +982122830354; +989352505229КРдин Израилдеги резиденциясы, Анкара шаарында жайгашкан элчилиги: +905456896800 КРдин Афганстандагы элчилиги:+93779099326КРдин Пакистандагы элчилиги:+923335556343КРдин Израилдеги ардактуу консулу:+972533214916КР ТИМинин консулдук департаменти:+996999312002

Кененирээк

Балбан Айсулуу Тыныбекова уулдуу болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова уулдуу болгонун жарыялады. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирген.

Кененирээк

АКШ менен Израиль Иранга кол салгандан кийин мунайдын баасы он пайызга кымбаттады

Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 2025-жылдын 23-июнунан бери биринчи жолу баррели 80,03 долларга жетти. Ал эми WTI үлгүсүндөгү мунай 9,43 пайызга кымбаттап, баррели 74,9 долларды түздү. Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга кол салды. Натыйжада өлкө лидери Али Хаменеи үй-бүлө мүчөлөрү менен жана бир катар чоң кызматтагылар каза болгон. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына жана Жакынкы…

Кененирээк

Албаниядагы эл аралык мелдеште кыргыз балбандары эки коло медаль утту

Тирана шаарында өткөн рейтингдик турнирде Үзүр Жусупбеков менен Раззак Бейшекеев коло медалга ээ болду. Жусупбеков 97 килограмм салмакта күрөшсө, Бейшекеев 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты. Аталган мелдеште килем үстүнө Кыргызстандын атынан Акжол Махмудов, Улан Муратбек уулу, Курманбек Жапаров, Амантур Исмаилов, Ырыскелди Максатбек уулу жана Мелис Айтбеков да чыкты. Бирок байгелүү орундарга илешкен жок.

Кененирээк

Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи каза болгону тастыкталды

Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Израиль менен АКШнын чабуулдарынан каза болгонун Ирандын мамлекеттик телеканалы тастыктады. “Ирандын улуу Жогорку лидери Имам Хаменеи каза болду”, – деп айтылат билдирүүдө.Tasnim агенттиги маалымдагандай, Хаменеи 28-февраль эртең менен кеңсесине жасалган чабуулда каза болгон. Жогорку лидердин өлүмүнө байланыштуу Иранда 40 күндүк аза күтүү жана бир жумалык эс алуу күн жарыяланды. Буга…

Кененирээк