Эми президенттикке талапкерди колдоп, кол чогултуу  «Түндүк» аркылуу жүргүзүлөт

Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү жобо бүгүн, 23-сентябрда кабыл алынганын кабарлады. Ага ылайык, кол чогултуу автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу, «Түндүк» порталынын жардамы менен жүргүзүлөт. Ал жактан шайлоочунун өздүгү тастыкталып, анан тандаган талапкерге колдоосун билдире алат.  Бул процессти автоматташтырууга, кагаз документтерин азайтууга, убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга шарт түзүп,…

Кененирээк

Кыргызстанда тамеки жана стиктер кымбаттайт

Министрлер кабинети тамекилерге жана тамеки стиктерине жаңы минималдуу бааларды белгиледи. 2027-жылдын 1-январынан тартып бир кутунун баасы кеминде 135 сом болушу керек. Андан кийин минималдуу баа 2028-жылы 150 сомго, ал эми 2029-жылдан тартып 165 сомго чейин көтөрүлөт. Бул чечим калктын ден соолугун коргоо зарылдыгы менен түшүндүрүлдү. Бааларды Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөйт.

Кененирээк

Кыргызстан менен Беларусия айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт

Беларусь өкмөтү Кыргызстан менен айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык келишимди бекитти. Келишимге 2026-жылдын 5-июнунда Бишкекте Беларусь премьер-министринин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында кол коюлган. Эми эки өлкөнүн тиешелүү органдары берген улуттук айдоочулук күбөлүктөр өз ара таанылат. Ошондой эле жарандар теориялык жана практикалык экзамен тапшырбастан айдоочулук күбөлүгүн алмаштыра алышат. Бирок бул мүмкүнчүлүк…

Кененирээк

“Золотая Коронага” Кыргызстанда тыюу салынды

Улуттук Банк Кыргызстандын аймагында «Золотая Корона» акча которуу кызматтарын көрсөтүп келген кредиттик уюмдун каттоосун жокко чыгарды.»Золотая Корона» Улуттук Банкта эл аралык акча которуучу оператор катары катталгандыктан, азырынча акча которууларды жүргүзүүнү улантып жатат. Буга чейин  Евробиримдик » Золотая Корона » төлөм системасынын операторун санкциялык тизмеге кошкон. Чектөөлөр 23-июлда Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетинин алкагында кабыл алынган. Евробиримдик…

Кененирээк

Россияда шайлоодо «Единая Россия» алдыда келе жатат

Россияда Мамлекеттик Думага шайлоодо «Единая Россия» алдыга чыкты. Мындай алдын ала жыйынтыктарды БШК маалымдады. Бийлик партиясы протоколдордун 80 пайыздан ашыгы иштелип чыккандан кийин шайлоочулардын 57,85 пайыз добушун алууда. Андан кийин КПРФ — 13,83 пайыз, ЛДПР — 8,77 пайыз, «Новые люди» — 7,96 пайыз, «Справедливая Россия» — 4,99 пайыз добуш менен келе жатат.

Кененирээк

Кимдер мамлекеттик кызматка сынаксыз өтө алат? Президент жаңы жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Сынаксыз, жеке арызы менен кадрлар резервине төмөнкү жарандар киргизилиши мүмкүн: —квалификациялык талаптарга жооп берген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар; —«Акылман» лицейин кесиптик билим алуу менен аяктагандар; —«Эл умүтү» программасы боюнча чет өлкөлүк ЖОЖдорду бүтүргөндөр; — Кыргызстандагы өзгөчө статустагы ЖОЖдорду артыкчылык диплому менен аяктагандар. Бардык…

Кененирээк

Кыргызстандын кыздар курама командасы Ташкентте тарых жаратты

Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы Ташкентте өткөн CAFA U-17 Women’s Championship мелдешинде алтын медаль утту. Курама Иранды 2:1, Тажикстанды 2:0 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 0:0 тең чыккан. Натыйжада 7 упай топтоп, турнирде биринчи орунду ээледи.

Кененирээк

Ошто 1-класстын 73%ы орус тилин тандады

Ош шаарында быйыл 10 миңден ашык бала 1-класска кабыл алынды. Алардын 73%ы орус тилдүү класстарда билим алууну тандаган. Кыргыз тилдүү класстар үчүн 4 330 орун бөлүнүп, анын 2 790у толгон. Орус тилдүү класстарда 7 866 орун каралып, анын 7 613ү ээленди. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, 1-класска кабыл алынган балдардын саны дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Кененирээк

Мамлекеттик мекемелердеги айрым кызматкерлердин айлыгы башкача эсептелет

Министрлер кабинети мамлекеттик кызматчы болуп эсептелбеген бюджеттик мекеме кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы тартибин бекитти. Айлыкты эсептөө үчүн базалык ставка 7 040 сом бойдон калды. Акыркы эмгек акы кызмат ордуна жараша белгиленген коэффициенттер менен эсептелет. Кызматкерлер үчүн төмөнкү төлөмдөр сакталат: • Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендерге кошумча төлөм;• Жашыруун маалыматтар менен иштегендерге үстөк;• Илимий…

Кененирээк