Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчисинин кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
46 жаштагы Марат Нуралиев 2023-жылдын декабрында Катардагы Кыргызстандын элчисинин кызматына дайындалган. Ал ага чейин Эмгек, миграция, жаштар саясаты министринин орун басары болуп эмгектенген.
