Кыргызстанда алгачкы күн электр станциясы ишке берилди

Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин шаарында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясын ишке берүү аземине катышты. “Этернал Энергия” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун инвестициясы 56 миллион АКШ долларын түзөт. Долбоор эгемен Кыргызстандын тарыхындагы күн энергетикасына салынган эң ири жеке инвестициялардын бири. Күн электр станциясынын ачылышы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоодо…

Кененирээк

“Манас” аэропортунда каттамдар жанданды.

Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Учурда көрүү аралыгы 3 миң метрди түзүүдө. Эске салсак, акыркы күндөрү “Манас” аэропортунда коюу тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталып жаткан.

Кененирээк

Кыргызстанда 2026-жылы 36 жаңы мектептин курулушу пландалууда

Кыргызстанда 2026-жылы 36 жаңы мектептин курулушу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.  Жаңы мектептер кайсы аймактарда курулат? Бишкек шаарында — 20 мектепОш шаарында — 10 мектепМанас шаарында — 6 мектеп Ошондой эле авариялык абалдагы мектептер оңдолуп, пайдаланууга берилери айтылды.Адылбек Касымалиевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча мектеп окуучуларынын…

Кененирээк

Ысык-Атада тери заводу курулат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Биринчи радиого берген маегинде Ысык-Ата районунда терини кайра иштетүүчү завод курула турганын билдирди.  Министрдин айтымында, район аймагындагы 100 гектар пайдаланылбай жаткан жеке менчик жер мамлекетке өткөрүлүп, Министрликтин алдындагы “Агрохолдинг” мамлекеттик ишканасына берилди. Бул демилге Президенттин түз тапшырмасынын…

Кененирээк

Бишкекте мурдагы аялын атып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте мурдагы аялын атып өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция 24-декабрда кабарлады. Маалыматка караганда, 47 жаштагы аял 48 жаштагы күйөөсү менен 23-декабрда сот аркылуу расмий ажырашкан. Соттук отурумдан кийин экөө кайым айтышкан учурда мурдагы күйөөсү тапанча менен келинди атып салган. Октон жарат алган аял эсине келбей каза болгон. Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин…

Кененирээк

Дыйкандарга 11 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилди

Дыйкандарга 11 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыл башынан бери жеңилдетилген насыялар 5 мамлекеттик программанын алкагында берилип келет. Бул максатта жалпысынан 12 миллиард 242 миллион сом каралган.

Кененирээк

Кийинки жылы ички аба каттамдарына билет баалары арзандайт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылга карата өлкө ичиндеги аба каттамдарга баалар базар баасынан төмөнкү чекте белгиленди.Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, баалардагы айырма Турукташтыруу фондунун каражаттары менен жабылып турат. Мындан тышкары, Нарын, Талас, Казарманга аба каттамдары мурда жумасына 1 жолу аткарылып келген. 4-январдан баштап бул багыттар боюнча жумасына 2…

Кененирээк

Бишкек жана Ошто жасалма интеллект менен иштеген көчө жарыгы орнотулат

Бишкек жана Ошто жасалма интеллект менен иштеген көчө жарыгы орнотулат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, демилге жеке компанияларга таандык. Смарт-мамылар күн панелдери жана шамал генераторлору менен иштеп, камералар менен камсыздалып, жасалма интеллект орнотулган. Ошондой эле жарандар аталган мамылардагы wi-fi менен колдонуп, электромобилдерин кубаттай алышат.

Кененирээк

Улан Примов: «4 кой, 1 уйу бар үчүн жөлөк пул бербей коюу туура эмес»

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Улан Примов алыскы, шарты катаал жана тоолуу аймактарда жашаган жарандарга жөлөк пул берүү тартибин кескин сынга алды. «Алыскы тоолуу аймактардын жашоочуларына жөлөк пул берүү тартибин кайра карап чыкпасаңыздар болбойт. 4 кой,1 уйу бар деп пособие берилбей жатат, бул туура эмес, мындан сырткары, автоунаасы бар деп, 20 жылдан берки убакытты эсептейт…

Кененирээк

Ташиев УКМКнын “Кызыл-Белес” эс алуу комплексин ачты

Бүгүн, 23-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда УКМКнын “Кызыл-Белес” эс алуу комплексинин ачылышы болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Осмонов, ошондой эле комитеттин кызматкерлери жана ардагерлери катышты.Маалыматка ылайык, комплекстин жалпы аянты 19 гектарды түзүп, кызматкерлердин эс алуусу үчүн 15 заманбап үй…

Кененирээк