Президент К.Ташиевди эмне себептен жумуштан алганын айтты

Садыр Жапаров бул чечимге өлкөдө бөлүнүү коркунучу жаралганынан улам келгенин билдирди. Анын айтымында, айрым депутаттык топтор Жогорку Кеңеште «кайсы тараптасың?» деген принцип менен бөлүп-жарууга аракет кыла баштаган. Айрым адамдар «генерал тарап» жана «президент тарап» деген түшүнүктөрдү жайылтып, депутаттарга жана мамлекеттик кызматкерлерге басым көрсөткөн учурлар болгон. Президенттин айтуусунда соңунда мындай бөлүнүүлөр «көчөдөгү аксакалдарга» жеткен. Ошондой эле…

Кененирээк

Садыр Жапаров жеке автомектептерди жапканы үчүн кечирим сурады

Президент Садыр Жапаров жеке автомектептердин жабылуусуна ьайланыштуу талкуулар боюнча Кабар агенттигине кайрадан түшүндүрмө берди. Жана ошондой эле өлкө башчы автомектептердин ээлеринен кечирим сураган. “Бул реформабыздын жыйынтыгы азыр дароо сезилбейт. 50-60 жылдан кийин жемишин берет. 30 жылдан бери күбөлүк сатып алган биздин муун кетип, азыркы 10 ай окуп аткандар жана сентябрдан баштап мектептерде окуган балдардын мууну…

Кененирээк

Президент: Акыркы 10 жылда Кыргызстанда 75 миң жол кырсыгы катталды

Президент Садыр Жапаров «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги жолугушууда маалымдагандай, акыркы он жыл ичинде: 9 120 адам каза болгон,13 260 адам ар кандай жаракат алган, Жабыркагандардын жарымына жакыны майып болгон. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул кошумча социалдык милдеттенмелерди, анын ичинде жөлөк пул төлөөлөрүн талап кылат. Садыр Жапаров сандар жол коопсуздугу көйгөйү олуттуу экенин жана системалуу чараларды көрүү зарылдыгын…

Кененирээк

Автомектептерди мамлекетке өткөрүү тууралуу президент түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечими коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн кабыл алынганын айтты. Анын айтымында, жеке автомектептердин көбү айдоочуларды сапаттуу окутпай, акча табууга гана кызыкдар болгон. Айдоочулук күбөлүктөр экзаменсиз, пара аркылуу алынган учурлар көп катталган. Натыйжада жол кырсыктары көбөйүп, Кыргызстанда жылына 900дөн ашык адам жол кырсыгынан каза болууда….

Кененирээк

Садыр Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-январда, өлкөнүн ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Талкуунун жүрүшүндө куруучулардын милдеттенмелерин аткарууларына, ошондой эле курулуш тармагын тескеген ченемдик укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана аны өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Мамлекет башчысы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба…

Кененирээк