ӨКМ: Кар көчкү түшүү коркунучу жогору
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү болушу ыктымалдыгын эскертти. Мекеменин маалыматында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман –…
