1-апрелден тарта автоунааларды кайра каттоо «Түндүк» аркылуу онлайн жүргүзүлөт

Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Ош шаарындагы унааларды каттоо борборунун ишин көрүп жатып айтты. Анын айтымында, унааларды алып-сатууну онлайн жүргүзүүгө болот. Ошондой эле ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл соңуна чейин алмаштырууга болорун, бул кызмат да аралыктан жеткиликтүү экенин кошумчалады. Мындан тышкары, документтерди жана номерди үйүнө жеткирүү кызматы ишке кирет.

Кененирээк

АКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү алуу талаптары күчөтүлдү

Кыргызстандын ТИМи АКШда коммерциялык айдоочулук күбөлүк CDL берүү жана узартуу боюнча талаптар күчөтүлгөнүн билдирди. Бул боюнча АКШнын Транспорт министрлиги жана тиешелүү федералдык органдар түшүндүрмө берген. CDL алууга же узартууга төмөнкү категориялар гана укуктуу: -АКШ жарандары -«грин-карта» ээлери -айрым жумуш визалары менен жүргөн чет өлкөлүктөр. Федералдык органдар тааныган иммиграциялык макамы жок мигранттарга EAD жана SSN болсо…

Кененирээк

Айдоочулукка окуу 10 айдан 4 айга кыскарышы мүмкүн

Президенттин иш башкаруучусу Жапаровдун тапшырмасы боюнча, окуу мөөнөтүн 10 айдан 4 айга чейин кыскартуу варианты каралып жатканын белгиледи. Каныбек Туманбаев 4 айдан кийин тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү берилерин, андан өткөндөр айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка жөнөтүлөрүн билдирди. 4 айда окууну ийгиликтүү аяктагандарга айдоочулук күбөлүк бир жылдык мөөнөткө берилет. Алар бир жылда жол эрежесин бузбаса, күбөлүктү толугу…

Кененирээк

Автомектептерди мамлекетке өткөрүү тууралуу президент түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечими коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн кабыл алынганын айтты. Анын айтымында, жеке автомектептердин көбү айдоочуларды сапаттуу окутпай, акча табууга гана кызыкдар болгон. Айдоочулук күбөлүктөр экзаменсиз, пара аркылуу алынган учурлар көп катталган. Натыйжада жол кырсыктары көбөйүп, Кыргызстанда жылына 900дөн ашык адам жол кырсыгынан каза болууда….

Кененирээк