Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Улуттук лабораториялык кызматты түзүү боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында лабораториялык диагностиканын бирдиктүү жана туруктуу тутумун калыптандыруу, мамлекеттик жана жеке сектор үчүн сапатка, отчеттуулукка жана башкарууга карата бирдей талаптарды киргизүү маселелери талкууланды. Ошондой эле эл аралык стандарттарды колдонуу, мониторинг үчүн санариптик чечимдерди киргизүү жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу каралды. Мындан тышкары, медициналык…

Кененирээк

Аймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилди

Кыргызстан боюнча 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн окуу-лабораториялык жабдуулар жана МКТ каражаттары менен камсыздалды. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, жабдуулар «Алтын казык» мамлекеттик программасынын алкагында жеткирилди. Мектептерге 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук берилди. Бул каражаттар сабактарда изилдөө иштерин жүргүзүүгө, лабораториялык иштерди башкарууга жана эксперименттердин жыйынтыктарын санариптик форматта көрсөтүүгө колдонулат.

Кененирээк

Өлкөдө мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасы түзүлөт

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов алдыңкы жеке лабораториялардын биринин инфраструктурасы менен таанышып, анда диагностикалык процесстин уюштурулушун, логистиканы, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин жана санариптик чечимдерди изилдеди. Министр белгилегендей, учурдагы мамлекеттик лабораториялык кызмат заманбап талаптарга жооп бербейт, бул калк үчүн өз убагында жана так изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чектеп келет. Айрыкча онкологиялык жана башка ооруларды эрте аныктоо зарыл…

Кененирээк

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо үчүн «Экспертиза» системасы ишке кирди

Айыл чарба министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент АИС «Экспертиза» маалыматтык системасын ишке киргизгенин билдирди. Максат — мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана адам факторун кыскартуу. Эми жеке жана юридикалык жактар үрөндүк материалды сертификаттоо үчүн талаа инспекциясына, лабораториялык анализдерге жана жаңы сортторду сорт сыноодон өткөрүүгө онлайн арыз тапшыра алышат. Аймактык мекемелерге барып,…

Кененирээк