Орусиянын «көзөмөл реестрине» кирген кыргыз жарандарынын саны 93 миңден ашты

Кыргызстандын 93 миң 693 жараны Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилген. Бул 2026-жылдын 12-мартындагы маалымат экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиев билдирди. Анын айтымында, реестрге кирген жарандардын саны улам өзгөрүп, система жаңыланып турат. Башкы консул Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын миграциялык мыйзамдар менен жакшылап таанышууга чакырды. Анын белгилешинче, ушул тапта бул өлкөдө 472 миңден…

Кененирээк

Өлкөдө батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдө

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин долбоору коомдук талкууга чыгарылып, турак жайларда чет өлкөлүктөрдү жайгаштырууга чектөө киргизүүнү камтыйт. Долбоорго ылайык, бир адамга кеминде 12 чарчы метр аянт туура келиши керек жана жакын туугандардан тышкары жалпы катталгандардын саны 10 адамдан ашпоого тийиш. Мындан тышкары, каттоону санарип форматка өткөрүү,…

Кененирээк

Россиядагы мигранттар колдонгон тиркеме жеңилдетилет

Россияда иштеген кыргызстандыктар “Амина” тиркемесин колдонуу оор болуп жатканын айтышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. “Негизги көйгөй — каттоодо, ресстрге киргизүүдө жана андан чыгууда болуп жатат. Кыргызстан тарап мигранттарга кара тизмеге киргизгенге чейин эреже бузууларды оңдоого бир ай убакыт берүүнү сунуштады,” — деп айтты Маматалиев. Россия тарап бул демилгени колдоп, талаптарды жеңилдетүү…

Кененирээк

Миграция министрлиги Орусияга иштөөгө бараткан жарандар үчүн миграциялык эрежелерди эске салды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияга иштөө үчүн бара турган жарандарга миграциялык талаптарды эскертти. Сапарга чыгар алдында migrant.kg сайты аркылуу кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесин текшерүү сунушталат. Орусияда мыйзамдуу жүрүү үчүн өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү керек. Ошондой эле 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери…

Кененирээк