Чукул кабар: Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

Туруксуз аба ырайына байланыштуу 2–5-мартта тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн — унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат. Кар көчкү коркунучу бар жол тилкелери: Бишкек–Ош: 121–138-чакырым (Төө-Ашуу ашуусу) Бишкек–Ош: 198–265-чакырым (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алакуу: 55–115-чакырым Ала-Бука–Каныш-Кыя: 45–112-чакырым (Чапчыма ашуусу) Красная-Горка–Акташ:…

Кененирээк

АКШ жарандарына Ирандан шашылыш чыгып кетүү эскертилди

АКШнын Тегерандагы элчилиги америкалык жарандарды Ирандын аймагын дароо таштап кетүүгө чакырды. Билдирүүдө коопсуздук абалы кескин начарлаганы жана өкмөттүн жардамына ишенбестен өз алдынча чыгуу планы болушу керектиги айтылды. Элчилик аба каттамдары жабылып калса, Армения же Түркия аркылуу кургактык чек арадан чыгуу мүмкүн экенин белгиледи. Ошол эле учурда Иранда АКШ жарандарынын кармалып калуу коркунучу өтө жогору экени…

Кененирээк

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо улантылууда

Ош шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шакиров көчөсүндө мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Рейддин алкагында аталган көчөдө жайгашкан ресторандар жана коммерциялык объектилер тарабынан жол тарапка мыйзамсыз чыгып кеткен бөлүктөрү такталып, тиешелүү өлчөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча объект ээлерине эскертүүлөр берилди. Мэриянын маалыматына ылайык,…

Кененирээк

Миграция министрлиги Орусияга иштөөгө бараткан жарандар үчүн миграциялык эрежелерди эске салды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияга иштөө үчүн бара турган жарандарга миграциялык талаптарды эскертти. Сапарга чыгар алдында migrant.kg сайты аркылуу кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесин текшерүү сунушталат. Орусияда мыйзамдуу жүрүү үчүн өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү керек. Ошондой эле 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери…

Кененирээк