Кыргызстандык фермерлер арашан койлорун экспорттоого уруксат берүүнү сурашууда

Айыл чарба министрлиги март айында эттин кымбатташын алдын алуу үчүн өлкөдөн мал экспорттоого тыюу салган. Мекемеге кой баккан фермерлердин биримдиги кайрылып, арашан тукумундагы койлорго чет элдиктерден суроо-талап көп экенин белгилешип, бул тукумдагы койго тыюуну алып салууну өтүнүшкөн. Министрлик мындай тукумдагы койлордун баасы кымбат болгондуктан эт өндүрүү багытында каралбай турганын, аны экспорттоо ички рыноктогу кой этинин…

Кененирээк

Министрлик: «Эттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат»

Кыргызстанда тирүү малдын баасы туруктуу болгонуна карабай эт кымбаттап жатат, бирок негизги пайданы өндүрүүчүлөр эмес, ортомчулар көрүүдө. Министр Эрлист Акунбеков акыркы үч айда чет өлкөгө 53 миң баш мал чыгарылганын, бирок малчылар иш жүзүндө андан пайда таппаганын билдирди. Министрлик бул маселени чечүү үчүн 1,5 миллиард сомго 10 адистештирилген кластер түзүүнү пландап жатат. Натыйжада фермерлер рынокко…

Кененирээк

Кыргызстанда эттин баасы төмөндөдү

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын февраль айында Кыргызстанда эт жана эт азыктарынын баасы 5,1%га арзандады . Адистердин маалыматына ылайык, эттин арзандашы жалпы инфляция деңгээлине –0,7 пайыздык пункт таасир эткен. Ал эми дүйнөлүк рынокто тескерисинче өсүш байкалган:

Кененирээк

Эттин баасын көтөргөн 178 адамга айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын көтөргөн 178 учурду аныктап, 668 миң сом айып салды. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Женалы Орозбаев парламенттин жыйынында билдирди. Буга чейин уй эти 680 сомдон, ал эми кой эти 670 сомдон кымбат болбошу керек деген эреже кирген.

Кененирээк

Этти, цитрус өсүмдүктөрүн, кантты жана какаону импорттоодо бажы төлөмдөрү алынбайт

2026-жылдын 30-январында Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына ички керектөө жана өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн алып келинүүчү социалдык жана экономикалык жактан маанилүү айрым товарларды импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотуу боюнча тарифтик жеңилдиктер каралган. Ири мүйүздүү малдын этиЖеңилдиктин…

Кененирээк

Кыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев Жогорку Кеңеште КМШ өлкөлөрүндөгү эттин баалары боюнча салыштырма талдоо сунуштады. Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 кг уй эти (сөөгү менен) орто эсеп менен 680 сом турат — бул эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. Салыштыруу үчүн, Казакстанда баа 650 сом деңгээлинде. Башка өлкөлөрдө баалар жогору: Тажикстан — 1 150…

Кененирээк