Саламаттык сактоо министрлиги жыл аягына чейин 200дөй Тез жардам унаасын сатып алат

Транспорттор Дүйнөлүк банктын каражатына алынарын министрдин орун басары Тилек Маматалиев билдирди. Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы министрликке 35 млн доллар (25 млн доллары — грант) бөлгөн. Каражат өлкөдөгү лабораториялык кызматтардын ишин борборлоштурууга жумшалат.

Кененирээк

Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлөт

“Анын ичинде ай сайын дарыгерлер менен медайымдардын маянасына президенттик фонддон 15 миң сом кошулат. Аз болсо да дарыгерлерибизге стимул болот деп ойлойбуз”, — деди саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Маматалиев. Ал ошондой эле аймактарда иштеп жаткан жаш адистердин 3 айда бир ала турган депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көтөрүлгөнүн кошумчалады. Маматалиев…

Кененирээк

Эгемендүүлүк күнүнө карата Балыкчы–Кочкор темир жол линиясындагы Кочкор станциясын ачуу пландалууда

Бул тилкенин курулушу 2022-жылы башталган жана 1991-жылдан кийин Кыргызстанда курулуп жаткан биринчи жаңы темир жол тармагы болуп эсептелет. Узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы–Кочкор темир жол тилкесинин курулушу — бул «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын эгемендүүлүк жылдарындагы алгачкы ири долбоору гана эмес, Кара-Кече көмүр кенине бара турган келечектеги темир жолдун негизи болуп саналат. Белгилей кетсек, азыркы учурда…

Кененирээк

Кыргызстанда 4 пайыз үстөк менен унаа берилет

Кыргызстанда «Жеңил» аттуу жаңы жеңилдетилген автокредит программасы башталды. Анын алкагында мамлекеттик кызматкерлер жана бюджеттик тармакта иштегендер 4% үстөк менен жаңы унаа сатып ала алышат. Программага мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлери катыша алышат.Автокредит 3 же 5 жылга чейин берилет. Ошондой эле кредитти алгачкы төлөм менен же алгачкы төлөмсүз…

Кененирээк

Кыргызстан жыл башынан бери 126,9 млн доллар мамлекеттик карызды төлөдү

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстан болжол менен 126,9 миллион доллар мамлекеттик карызды төлөп бүткөн. Тышкы карызды төлөөгө 51,5 миллион доллар, ал эми ички карызды төлөөгө 75,4 миллион доллар бөлүнгөн.Өткөн жылы мамлекеттик карызды төлөө болжол менен 525,3 миллион долларды түзгөн. 2025-жылдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 9 миллиард долларга (болжол менен…

Кененирээк

«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн

«Кыргызкөмүр» ишканасы 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көмүр казып алды. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп болгон. Ошондой эле ишкана 511 млн сомдон ашык таза пайда тапкан. Ички рынокту камсыздоо үчүн Бишкек ЖЭБине 587 миң тонна көмүр жеткирилген, бул жалпы өндүрүштүн 40%дан ашыгын түзөт. Ишкана жыл ичинде беш жаңы көмүр кенин ачып, 2026-жылы…

Кененирээк

Антимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдү

Мекеменин маалыматына ылайык, жеткирүүлөрдүн азайышы, сезондук шарттар, ошондой эле тооктордун тукумун жаңылоо жана пландуу эмдөө иштеринен улам өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы баага таасир берген. Мындан тышкары, канаттуулар фабрикаларында тоюттун, таңгактоочу материалдардын жана логистиканын кымбатташы дүң баанын өсүшүнө алып келген. Кызмат базарлардагы ортомчулар да баанын көтөрүлүшүнө себеп болгонун белгилеп, бааны турукташтыруу үчүн канаттуу өстүрүүчүлөр ассоциациясы жана ири…

Кененирээк

Эл аралык энергетика агенттиги тарыхтагы эң ири мунай жеткирүү үзгүлтүгүнөн кийин кезексиз жыйын өткөрөт

Эл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакырууда. Жолугушууда дүйнөлүк энергетикалык рынокту турукташтыруу жана өзгөчө кырдаалдар үчүн сакталган мунай запастарын колдонуу маселеси каралат. ЭЭАнын маалыматына ылайык, катышуучу өлкөлөрдө 1,2 млрд баррель стратегиялык резерв жана 600 млн баррель өндүрүштүк запас бар. Бул кырдаалдан кийин Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 119,36…

Кененирээк

Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча лидерлигин бекемдеди

Былтыр республикада өсүш 10,6% түздү. Андан кийинки орунда 7,5% менен Казакстан турат. Ал эми 2024-жылдын жыйынтыгында дагы Кыргызстан 5,5 пайыздык көрсөткүч менен сап башына чыкса, кийинки катарда 5,4% менен Беларусь жайгашкан.

Кененирээк

1-апрелден тартып мугалимдердин эмгек акысы 100% жогорулайт

«STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акылары гана жогорулап, тарых, кыргыз тили жана география мугалимдериники жогорулатылбайт», деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Ошондой эле министрлик бул предметтер боюнча сааттардын кыскарышы тууралуу маалымыттарды четке какты.2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы 100% жогорулайт. «Өлкө башчысынын бул чечими мугалимдердин статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө…

Кененирээк