Билет баасын арзандатуу үчүн ички авиакаттамдарга жыйымдарды алып салуу сунушталууда
Министрлер кабинети билет баасын арзандатуу үчүн ички авиакаттамдарга жыйымдарды алып салууну сунуштоодо. Министрлер кабинети ички каттамдар үчүн жыйымдарды азайтуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Максат — авиакомпаниялардын чыгымдарын кыскартып, билет баасынын өсүшүн ооздуктоо жана аймактардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Долбоорго ылайык, бардык ички каттамдарда аэронавигация жана аэропорттордо жерде тейлөө акысы 50%га төмөндөйт. Ал эми сегиз социалдык…


