Кыргызстан менен АКШнын саясий экономикалык өнөктөштүгү жанданат
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Америка Кошмо Штаттарынын сенатору Стив Дэйнсти кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу саясий жана экономикалык өнөктөштүктү арттыруу, энергетика, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу жана айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири…


