Германиядан келген грантка 3 төрөт үйү жана кургак учукка каршы оорукана курулат

Эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция боюнча комитети 2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КР Министрлер кабинети менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну карады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов билдиргендей, 4млн 500миң евро гранттык каржатка Бишкек, Ош, Талас шаарларына бирден перинаталдык борборлорду, ошондой Бишкекке кургак учукка каршы оорукана куруу…

Кененирээк

Кыргызстанда ата мекендик брондолгон унаа чогултула баштады

Кыргызстандын курал-жарак жана аскердик техниканы оңдоочу борбордук базасында биринчи ата мекендик “ГАЗ-66М” брондолгон унааны чогултуу башталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди. “Курулушу эки жыл мурда башталган бул базанын иштеп кетишине көбү ишенген эмес. Ал эми бүгүнкү күндө база толук өндүрүштүк кубаттуулукка жетип, өлкөнүн өнүгүп келе жаткан биринчи аскердик-өнөр жай комплекси…

Кененирээк

Ош шаарында 2 көчөдө унаа кыймылы өзгөрөт

Бүгүн 11-декбарь Ош шаарында 17:00 дон тарта айрым көчөлөрдө унаа кыймылы өзгөрөт. Ага ылайык эми В. Ленин көчөсүнүн А. Навои көчөсү менен болгон кесилишинен баштап (болжол Ош облустук филармониясынан тарта) Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен жерине чейин жана Курманжан-Датка көчөсү В.Ленин көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап (болжол автобекет) А.Навои көчөсү менен кесилишкен аймагына чейинки жол бир…

Кененирээк

Президент телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.«Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!Телеберүү жана радио тармагынын кызматкерлери өлкөнүн улуттук биримдигин, коомдун туруктуулугун, ынтымакты сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматка ээ болушун…

Кененирээк

Бишкекте кагаз чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз чыгарган завод ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Анда министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров катышып, акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 3,4 млн долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келингенин билдирди. “Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу…

Кененирээк

Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын маалымат базасы түзүлөт

Чет өлкөдөгү кыргыз мигранттары тууралуу жаңы электрондук маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Мигранттарга камкордук” пилоттук долбоорунун Жалал-Абад облусунда жыйынтыгын текшерип жатып билдирди. Долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 6 айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет өлкөдө эмгектенген жарандар тууралуу маалыматтар чогултулган. Бүгүнкү күндө 6…

Кененирээк

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун туулган күнү

Бүгүн 6-декабрь, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 55 жашка толду. Өлкө башчыны туулган күнү менен Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев , Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Түркмөнстандын өлкө башчысы Сердар Бердымухамедов, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин куттуктоо телеграммасын жолдошту. Анда өлкөлөр…

Кененирээк

Ташиев: ККМ чуусунун артында тургандар жоопкерчиликке тартылат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ККМ аппараттарына каршы болуп жаткан соодагерлер тууралуу пикирин билдирди. Ал өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылып, алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышаарын айтты. Бул тууралуу Ташиев УКМКнын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш салтанатында билдирди. “Бирок, соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан,…

Кененирээк

Жолдор тайгалак болуп, кар күрткүсү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 9-12-декабрларында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. 9-11-декабрларда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт:Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5°…

Кененирээк

Туулгандыгы тууралуу күбөлүккө жана “кара кагазга” аралыктан арыз калтырса болот

Мындан ары жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана өлгөндүгү тууралуу маалымкатты алуу үчүн аралыктан электрондук арыз беришсе болот. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Пилоттук долбоор 2023-жылдын 1-декабрынан тартып иштеп баштайт. Иш аракеттин максаты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик каттоо кызматтарына арыз ээлеринин көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана мамлекет менен…

Кененирээк