Сургут шаардык китепканасына Ч. Айтматовдун ысымы ыйгарылды
Сургут шаардык китепканасына Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчиликтин Сургут шаарындагы Канцеляриясынын демилгеси боюнча Сургут шаарынын администрациясынын 2024-жылдын 27-мартында буйругу менен №11 шаардык китепканага Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынды. Белгиленгендей, китепканада улуу жазуучуга арналган мемориалдык жай уюштурулуп, анын чыгармаларынын өзүнчө жыйнагы…

