Катардан келген хирургдар угуусу начар балдарга акысыз операция жасоодо

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 10-майда Катар мамлекетинен хирургдар тобу келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, катарлык дарыгерлер 18-майга чейин угуусу начар балдарга акысыз операция жасашат. 11-майга карата 8 балага операция жасалган.  Буга чейин кол коюлган меморандумга ылайык, Катар өкмөтү Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл каржылык чыгымдарды, анын…

Кененирээк

Энергетиктер жаңы техникалуу болушту

Энергетика министрлигине 86 млн сомдук атайын 33 даана техникалардын ачкычы тапшырылды. Белгилей кетсек, жалпы 33 даана атайын техниканын 28 даанасы бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор. Техникаларды Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.  “Электр энергиясыз жашоону элестетип болбойт. Ошол себептүү Мамлекет башчыбыздын реформалары аркылуу өлкөнүн энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө….

Кененирээк

Салык төлөөчүлөр QR-коду менен бирдиктүү терезенин ишин баалай алышат

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында салык органдарында бирдиктүү терезелердин ишинин сапатын баалоо боюнча онлайн сервисти ишке киргизүүдө.  Мекемеден маалымдашкандай, эми салык төлөөчүлөр кызматтардын сапаты боюнча жергиликтүү салык органдарына жайгаштырылган QR-кодду сканерлөө менен өз пикирлерин калтыра алышат. Сын-пикир жөнөтүү үчүн уюлдук телефондун камерасын QR-кодго багыттап, 5 баллдык көрсөткүч боюнча баалоо керек.  Ошондой…

Кененирээк

5000 сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө чыгарылды

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 10-майдан тартып улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5000 сом банкнотун жүгүртүүгө чыгарды. 2023-жылдын үлгүсүндөгү 5000 сом банкнотунун алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү С. Чокморовдун портрети, арткы бетинде «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган. 5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон…

Кененирээк

Эдуард Кубатов дүйнөлүк рекордду жаңылады

Кыргызстандык Эдуард Кубатов дүйнөлүк рекорду жаңылады. Guinness World Records биздин мекендешибизди дүйнө рекордунун ээси катары каттады. Эдуард Жумакадырович тарыхта Манаслу чокусуна — 8163 метр бийиктикке кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам болуп таанылды. Бул тууралуу Илим Карыпбеков социалдык тармактарда жарыялады. Ал өз сөзүндө Эдуард Кубатовго” Дүйнө рекордунун ээси болуп планетада бир ууч эле адам…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров Москва шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына келди. Мамлекет башчынын борту Москва шаарындагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды. Эске сала кетсек,…

Кененирээк

ЖК төрагасы унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды. Нурланбек Шакиев алардын ар бири менен баарлашып, карап жаткан жакындары менен да сүйлөштү. Андан тышкары, жабыркаган ар бир бала дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, бардык тиешелүү медициналык жардамдар берилиши керектигин айткан Нурланбек Шакиев жасалып жаткан иштер боюнча оорукананын башкы дарыгери Акылбек…

Кененирээк

Алимент төлөбөгөн ата-энелерди коомдук иштерге тартуу сунушталды

Балдарына алимент төлөбөгөн ата-энелерди коомдук иштерге тартуу же айып салуу сунушталды. Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын балдарды алимент төлөө боюнча милдеттерди жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окуу каралды….

Кененирээк

Жөлөк пул алгандардын саны азайды

Кыргызстанда жөлөк пул алган балдардын саны дээрлик 45 миңге азайды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 1-майга карата мамлекеттик пособие алган балдардын саны 388 миң 800дү түздү. Анын ичинен 278 миңи “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алышат. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 44 миң 900гө аз. Жөлөк пул алгандардын саны калктын кирешесинин, эмгек акынын көбөйүшүнө байланыштуу кыскарган,…

Кененирээк

Улуттук банк эсептик ченди 11%га чейин төмөндөттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 11%га чейин төмөндөттү. Бул тууралуу Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, чечим 2024-жылдын 30-апрелининен тартып күчүнө кирет. Улуттук банк кандайдыр бир кошумча тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт», — деди ал. Эскерте кетсек, Улуттук…

Кененирээк