Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча эки тарап сүйлөштү
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын курамында укуктук маселелер боюнча жумушчу топ да бар. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушуу жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Баткен шаарында өттү. Анын алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын…

