Кыргызстанда сел коркунучу жогору бойдон калууда
Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.

