Кыргызстан Казакстан менен чек ара өткөрмөлөрүн модернизациялайт

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Казакстан менен чек ара өткөрүү пункттары тууралуу макулдашууга кошумча протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Документ эки автоунаа өткөрмөнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аларга эл аралык макам берүүнү карайт.

Протокол 2025-жылдын 22-августунда Бишкекте, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик сапары учурунда кол коюлган. Өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин эки өткөрмө тең 24/7 режиминде иштеп, аталышы да жаңыланат.

Өкмөт муну менен чек арадан өтүү ылдамдап, жарандар жана жүк ташуучулар үчүн убакыт чыгымы азаярын, жүк жана жүргүнчү агымы өсөрүн, туристтер үчүн шарт жакшырарын белгилейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *