«Нестле» балдар азыгынын дистрибьютору айрым партияларын чакыртып алууда

«Нестле» балдар тамак-ашынын дистрибьютору азыктарынын айрым партияларын кайра чакыртып алууда. Бул боюнча Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине билдирүү келип түшкөн. Агенттик «Форестер» ЖЧКсынан «NAN 1 OPTIPRO», «NAN OPTIPRO 2», «NAN EXPERTPRO», «NAN 2 OPTIPRO», «PRENAN» жана «NAN LACTOSE» бренддери менен тез даярдалган сүт, кычкыл сүт жана лактозасыз кургак формулаларды өз ыктыяры менен чакыртып алуу боюнча билдирүү…

Кененирээк

Өлкөдө акыркы он бир айда кайра иштетүү өнөр жай тармагы жогорку өсүштү көрсөттү

2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайы тармагында жогорку өсүш катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги маалымдады. Тармак өлкө экономикасынын, анын ичинде ички дүң продукциянын (ВВП) өсүшүнө олуттуу салым кошкон негизги секторлордун бири болуп калды. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү 94…

Кененирээк

«Достук” өткөрмө бекетине 45 метрлик флагшток орнотулду

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетине 45 метрлик флагшток орнотулуп, анын айланасында заманбап эс алуу жайы курулду. Бүгүн флагштокко Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлүп, эс алуу жайы расмий түрдө пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, легендарлуу парламенттин депутаттары, кошуна өлкөлөрдүн консулдары…

Кененирээк

«Манас» аэропортуна кошумча жарык-сигналдык система орнотулду

“Манас” эл аралык аэропортуна коюу туман жана катаал аба ырайы шартында да учактарды коопсуз кондурууга жана учурууга мүмкүнчүлүк берген CAT III жарык-сигналдык системасы орнотулуп жатат. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, система ишке киргенден кийин каттамдардын кечеңдеши азайып, учуу коопсуздугу жогорулайт. Учурда орнотуу иштери уланууда.

Кененирээк

№13 округ боюнча кайра шайлоо 1-мартка дайындалды

№13 шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына белгиленди. Чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган. Эске салсак, 3-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо №13 округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоону мыйзам бузуулардан улам жараксыз деп тапкан. Текшерүүдө талапкерлердин өкүлдөрү 35 шайлоо участогуна камера орнотконун, бул шайлоочуларга кысым көрсөтүүгө жана добуш берүүнүн купуялуулугун бузууга алып келгенин…

Кененирээк

“Манас” аэропортунда каттамдар жанданды.

Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Учурда көрүү аралыгы 3 миң метрди түзүүдө. Эске салсак, акыркы күндөрү “Манас” аэропортунда коюу тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталып жаткан.

Кененирээк

«Түндүк» тиркемеси аркылуу 100 миңге жакын жаран өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды

“Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салгандардын саны 100 миңге чукулдады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Эске салсак, механизм 1-ноябрда ишке кирген. Анын башкы максаты — алдамчылардан коргоо болуп эсептелет. Кызмат акысыз, ыктыярдуу жана жарандарга өзүнүн атына насыя каттоого мүмкүнчүлүктү бөгөттөп коюу укугун берет. Тыюуну алып салуу дагы “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.

Кененирээк

Өлкөдө бир жылда 1 545 чакырым жол асфальтталды

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары бир катар жол тилкелеринде асфальттоого чейинки ири жер иштери аткарылып, алар кийинки жылы асфальт басууга толук даярдалды. Министрликтин баштапкы планы болжол менен 1 миң чакырым жолду асфальттоо болгон. Жол куруучулардын…

Кененирээк

«Ош» аэропорту каттамдарын жандантты

«Кыргызстандын аэропортторунан» 1700 чакырымдай аралыктан көрүүгө мүмкүн болуп калгандыгын айтышты. Эске салсак, авиацияда учактардын коопсуз конуп-учушу үчүн минималдуу талап кеминде 800 метр болушу шарт.

Кененирээк

Энергетикалык вампир деген ким? Белгилери жана андан коргонуу жолдору

Энергетикалык вампир тууралуу түшүнүк Энергетикалык вампир — бул башка адамдар менен баарлашуу учурунда алардын эмоционалдык жана психологиялык энергиясын азайтып, чарчоо же терс абал жараткан адам. Мындай адамдар менен узак сүйлөшкөндөн кийин адам өзүн алсыраган, маанайы түшкөн же тынчсызданган абалда сезет. Бул түшүнүк көбүнчө психологияда колдонулат жана мистикалык көрүнүш катары эмес, эмоционалдык таасир катары каралат. Энергетикалык…

Кененирээк