Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов дүйнө салды

Кыргыз эл жазуучусу, публицист, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди. Маркум 1937-жылы Нарын облусундагы Эчки-Башы айылында туулган. Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен чогуу «Манас» эпосун проза түрүндө жазган. Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору. 1991–2012-жылдары «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк Каныбек…

Кененирээк

Өзгөндө турак үйдө өрт чыгып, төрт бала каза болду

Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында 5-мартка караган түнү турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы кабарлады. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, таңкы саат 3:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Тиешелүү…

Кененирээк

Ноокатта 21 жаштагы келиндин өмүрү кыйылды

Ош облустук милицияга маалымат 20-февралда түшкөн. Анда Көк-Бел айылынын 21 жаштагы тургуну өз үйүндөгү мал сарайда жанын кыйганы маалымдалган. Мекеме соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки иштер башталганын маалымдады. Ал эми соцтармакта келин бир жыл мурун турмушка чыкканы, кош бойлуу болгону айтылууда. Каза болгон келиндин жакындары анын үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин, акыркы жолу апасына жазып, күйөөсү…

Кененирээк

Иранда АКШ жана Израилдин соккуларынан 787 адам каза болду

Ирандын Кызыл Жарым Ай коому АКШ жана Израил тарабынан жасалган соккулардын натыйжасында 787 адам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу Al Jazeera маалымдады. Маалыматка ылайык, укук коргоочу Human Rights Activists in Iran (HRANA) уюму 742 жайкын тургун каза тапканын, алардын арасында 176 бала бар экенин билдирди. Минаб шаарында башталгыч мектепке жасалган чабуулдан каза болгон 165 кыздын…

Кененирээк

Ноокен районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери 99 жашында каза болду

Ормон Дадажанов 1945-жылдын мартынан 1950-жылдын апрелине чейин №26 атчандар полкунун №1249 аскер бөлүгүндө кавалерист, 1950-1980-жылдары Масы айылындагы машина-трактор станциясында ширетүүчү болуп иштеген. Ардагердин 7 баласы, 28 небереси жана 37 чөбөрөсү калды.

Кененирээк

Президент: Акыркы 10 жылда Кыргызстанда 75 миң жол кырсыгы катталды

Президент Садыр Жапаров «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги жолугушууда маалымдагандай, акыркы он жыл ичинде: 9 120 адам каза болгон,13 260 адам ар кандай жаракат алган, Жабыркагандардын жарымына жакыны майып болгон. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул кошумча социалдык милдеттенмелерди, анын ичинде жөлөк пул төлөөлөрүн талап кылат. Садыр Жапаров сандар жол коопсуздугу көйгөйү олуттуу экенин жана системалуу чараларды көрүү зарылдыгын…

Кененирээк

“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү Айдай Асангулова 48 жашында дүйнөдөн өттү

Жакындары ал көптөн бери оору менен алышып келгенин айтышууда. Маркум 27-январда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жерге берилет. Айдай Асангулова — көрүнүктүү маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер, изилдөөчү, этнограф. Ал кыргыздын салттуу кийимдерин жандандыруу, калыбына келтирүү жаатында эбегейсиз эмгек көрсөткөн. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кененирээк