Министр Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы курулуш объекттерин жеринен көрдү
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзгөн подрядчик ишкерлер менен өткөрүлгөн жыйындан соң курулуш объекттерин жеринен көрүп чыкты. Министр азыркы учурда салынып жаткан Гапар Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн байланыштыруучу эки деңгээлдүү көпүрөнүн, Кең-Сай массивинде салынып баштаган мектеп жана бала бакчанын,…

