Чет өлкөлөрдөн акча которуулардын басымдуу бөлүгү Россиядан келген

2025-жылдын 11 айында Кыргызстанга 3,2 млрд доллардан ашык акча которуу түшкөн. Нацбанктын маалыматына ылайык, бир гана ноябрь айында өлкөгө дээрлик 265 млн доллар келип түшкөн. Негизги булак — Орусия: дээрлик 3 млрд доллар, башкача айтканда жалпы түшүүлөрдүн 93%га жакыны. Эң жогорку көрсөткүч август жана октябрда болуп, ай сайын дээрлик 320 млн долларга жеткен. Ушул эле…

Кененирээк

Ошто текшерүүдөн кийин отуздан ашуун күрөөкана жабылды

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында күрөөканалар текшериле баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Рейддин алкагында өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды. Андан тышкары, 30дан ашык күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды.

Кененирээк

«Манас» аэропортунда коюу туманга байланыштуу 4 каттам токтотулду

«Манас» эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу учуп-конуу тилкесинде көрүү 400-800 метрге чейин чектелди. Төрт рейс токтотулганын аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Учуулар кадимки режимде ишке ашырып жатат. Бирок эки түрк авиакомпаниясы: Pegasus жана Turkish Airlines каттамдарын токтотту. Атамекендик Tez Jet эч кандай түшүндүрмөсүз эле “Манас” аэропортуна эки каттамды токтотту.

Кененирээк

Өлкөдөн сыртта ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө салык 10 эсе азайды

Өлкөдөн сыртта ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө салык 10 эсе азайды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Кыргызстандан сырта ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Салык кызматы чет өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландап жаткандар 1-февралга чейин 0,1 пайыздык салыкка өтүү тууралуу арыз тапшыруусу керектигин кабарлады.

Кененирээк

Үй-бүлөлүк иш чараларда «кийит кийгизүү», «түштөнтүү» сыяктуу салттарга тыюу салынат

Үйлөнүү тоюнда коноктун саны 200дөн ашпашы керек. Минкаб үй-бүлөлүк иш чараларды өткөрүү боюнча жобо даярдады. Документ коомдук талкууга чыгарылып, анда жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү тартипке келтирип, ысырапкерчиликке жол бербөөнү көздөй турганы айтылган. Эске ала турган жагдайлар: Салтанаттар жаштар менен ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулуп, карыз же кредит алууга жол берилбейт. Конокторду 200 адамдан ашырбоо, тойду бир күндө…

Кененирээк

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого алты талапкер катышуу ниетин билдирди

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого алты талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар: Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт. Эске салсак, аталган округда…

Кененирээк

“Газпром Кыргызстан” декабрда газга көп акча чыкканынын себебин түшүндүрдү

Ишкана октябрь жана ноябрь айларында айрым газ эсептегичтер көрсөткүчтөрдү туура эмес жибергенин билдирди. Жылдын акырында мурда топтолуп калган көрсөткүчтөр, анын ичинде үзгүлтүк болгон мезгилдеги маалыматтар алынган. Натыйжада декабрь айындагы дүмүрчөктөрдө айрым абоненттер үчүн төлөм суммасы күтүлгөндөн жогору чыгып келген. Анда дээрлик эки ай ичиндеги керектөө кошулуп жазылган. Компания ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады. “Газпром Кыргызстан” газ…

Кененирээк

Эми айрым кесип ээлери күнүнө 6 сааттан гана иштейт

Министрлер кабинети иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.Токтомго ылайык, тизмеге кирген кызматкерлер күнүнө эң көп 5 же 6 сааттан гана иштеши керек. Тизмеге ар кандай тармактагы жумушчулардын 100дөн ашуун категориясы киргизилген. Документ Кыргызстандын Эмгек кодексинин жаңы редакциясына ылайык, өзгөчө мүнөздөгү…

Кененирээк

«Барселона» клубу «Реал Мадридди» утуп, 16-ирет Супер кубокко ээ болду

«Барселона» клубу Испаниянын Супер кубогун экинчи жолу катары менен жеңип алды.Турнир 8-12-январь аралыгында Сауд Арабияда өтүп, ага төрт клуб катышты. 12-январга караган түнү Жидда шаарында «Барселона» менен «Реал Мадриддин» финалдык оюну өттү. Анда “Барселона” 3:2 эсебинде жеңишке жетип, тарыхында 16-ирет Супер кубокту утуп алды. Голдор: Рафинья, 36-мүнөттө(1:0), Винисиус, 45+2 (1:1), Роберт Левандовски, 45+4 (2:1), Гонсало…

Кененирээк

«BELES» ата мекендик автобустарды чыгаруу долбоору убактылуу токтотулду

Кыргызстанда ата мекендик автобустарды чыгарууну көздөгөн «BELES» долбоору убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ОсОО Белес.kg компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Урмат Дүйшеев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу процессинде эл аралык стандарттарга шайкештик, техникалык талаптар, өндүрүштү терең модернизациялоо жана толук сервистик циклдин жоктугу сыяктуу олуттуу маселелер аныкталган. Бул кемчиликтерди жоюу үчүн кошумча ири инвестициялар талап кылынары белгилүү болуп,…

Кененирээк