Өлкөдө 40 райондун жер фонду толугу менен санариптештирилди

Кыргызстанда 40 райондун жер фонду боюнча маалыматтар толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү. Инвентаризациянын жыйынтыгы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте талкууланды. Маалыматка ылайык, жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана бардык картографиялык материалдарды жана ведомостторду санарип форматка өткөрүп бүткөн. Иштин жүрүшүндө адистер ар бир айыл аймактагы жерлердин аянтын тактап, участоктордун категориясы, түрү жана көлөмү…

Кененирээк

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлат

Анын функциялары президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлөт. Садыр Жапаров санариптештирүү боюнча жарлыкка кол койду. ▪️ Санариптештирүү күчөтүлөт, бирок бизнес үчүн азырынча натыйжалуулугу төмөн. ▪️ Президенттин Иш башкармалыгы эми санариптештирүү, жасалма интеллект, байланыш жана мамлекеттик кызматтар үчүн толук жооп берет. ▪️ Мамлекеттик мекемелердеги санариптештирүү боюнча чиновниктер кыскартылат. ▪️ Санариптик реформаларды тездетүү, кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны азайтуу пландалууда.

Кененирээк

“Түндүк” тиркемеси Президенттин иш башкармасына өттү

“Түндүк” ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. “Түндүк” — мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана тездетүү үчүн 2025-жылы түзүлгөн Кыргызстандын улуттук санариптик платформасы болуп саналат. “Түндүк” тиркемеси аркылуу адамдар документтерди алмаштыруу, жашаган дарегин которуу, ооруканага жазылуу, автоунааны кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу сыяктуу…

Кененирээк

Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо системасы киргизилүүдө

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Герман өнүктүрүү банкынын (KfW) өкүлү Индира Молдогазиева жана GITEC-IGIP консалтинг компаниясынын долбоорунун менеджери Керез Келишова менен SAMEDIS медициналык жабдууларын санариптик инвентаризациялоо системасын киргизүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын алкагында медициналык уюмдардын иш процесстерин колдоо жана жабдууларды санариптик эсепке алууну жүргүзүү үчүн 150 принтер жана 1000 картриджди тапшыруу…

Кененирээк

Санарип кызматтардын милдеттерине өзгөртүүлөр киргизилди

Министрлер кабинети санариптештирүү жаатындагы бир катар токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул чечим президенттин иш башкармалыгына караштуу жаңы мамлекеттик «Кызмат» мекемеси түзүлгөндөн кийин кабыл алынды. Жаңы токтомго ылайык: — Электрондук кол тамгаларды текшерүү үчүн сертификаттарды берүү функциясы 2021-жылдын токтому боюнча «Кызматка» өткөрүлдү;— Бирдиктүү электрондук почта системасында техникалык оператор катары «Инфокомдун» ордуна «Кызмат» иштейт;— 2028-жылга чейин жергиликтүү өз…

Кененирээк

Социалдык фонд пенсияны тейлөөнү санариптештирүүдө

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алып, жаңы автоматташтырылган маалыматтык система менен таанышты. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жаңы система пенсияны жол-жоболоштурууну жеңилдетет: кагаз документ чогултуунун кереги жок, маалыматтар автоматтык түрдө топтолот жана арыздарды кароо мөөнөтү кыскарат. Мындан тышкары, персоналдык маалыматтарды коргойт жана киберкоркунучтарга туруктуу экени айтылды. Санариптештирүү коррупциялык тобокелдиктерди…

Кененирээк

Кыргызстанда бирдиктүү “Санарип туристтик платформасы” түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, учурда визалар, камсыздандыруу полистери жана логистика ар башка ведомстволордо болуп, биздин өлкөгө келген туристтерге кыйынчылык жаратып келет. Андыктан, бардык мамлекеттик кызматтарды, бизнес-сервистерди жана төлөм куралдарын бириктирген платформа керек. Долбоорду Туризм департаменти, Санариптик өнүктүрүү жана Каржы министрликтери жана “Түндүк” тиркемеси ишке ашырат. Аларга техникалык талаптарды жана каржы булактарын аныктоо тапшырмасы…

Кененирээк