Кыргызстан айыл чарба продукцияларын 80ден ашык өлкөгө экспорттойт

Республиканын экспортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү 2025-жылдын январь–декабрь айларында 13,3% түздү, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бул үлүш 8,8% болгон. ЕАЭБ: Экспорт – 17,1 млрд сом (51%) Россия Федерациясы: Экспорт – 7,8 млрд сом (эт-сүт продукциялары, жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер) Казакстан Республикасы: Экспорт – 7,8 млрд сом…

Кененирээк

Араванда капуста бышып, экспортко чыгууда

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко чыгарышууда. Ал эми жакынкы күндөрү жергиликтүү сорттогу капуста бышып, ички базарга чыгуусу күтүлүүдө. Андан сырткары жаңы бышкан сарымсак дагы жакынкы күндөрү сатыла баштайт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тийиштүү адистерди…

Кененирээк

Кыргызстандык фермерлер арашан койлорун экспорттоого уруксат берүүнү сурашууда

Айыл чарба министрлиги март айында эттин кымбатташын алдын алуу үчүн өлкөдөн мал экспорттоого тыюу салган. Мекемеге кой баккан фермерлердин биримдиги кайрылып, арашан тукумундагы койлорго чет элдиктерден суроо-талап көп экенин белгилешип, бул тукумдагы койго тыюуну алып салууну өтүнүшкөн. Министрлик мындай тукумдагы койлордун баасы кымбат болгондуктан эт өндүрүү багытында каралбай турганын, аны экспорттоо ички рыноктогу кой этинин…

Кененирээк

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо тартиби киргизилет

Каттоо Кытай рыногуна чыгуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат жана экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу жүргүзүлөт. Каттоонун жарактуулук мөөнөтү 5 жылды түзөт. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда каттоону токтотуу же жокко чыгаруу чаралары каралган. Жаңы тартиптин кабыл алынышы продукциянын коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана экспорттоочуларга коюлган талаптарды жогорулатууга багытталган. Ошондой эле продукцияны баалоо жана рынокко…

Кененирээк

Тоңдурулган жемиштерди Кытайга экспорттоо үчүн ишканаларды каттоо башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан тоңдурулган жемиштерди өндүрүүчү ишканаларды Кытайга экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү тастыкталганын маалымдады. Маалыматка ылайык, тоңдурулган жемиштер Кытай рыногуна GACC (CIFER) системасында каттоодон өткөндөн кийин экспорттолушу мүмкүн. Мында жаңы продукциядан айырмаланып, кошумча карантиндик уруксат талап кылынбайт.Экспорттоого уруксат берилген продукциялардын катарына…

Кененирээк

Кыргызстандын сегиз ишканасы Кытайга продукция экспорттойт

2026-жылдын 12-февралынан тартып Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын сегиз ишканасын Кытайга экспорттоого уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизди. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызмат тарабынан жүргүзүлгөн системалуу иштердин жыйынтыгында кабыл алынды. Кытай рыногуна продукция жеткирүүгө уруксат…

Кененирээк

Алкоголдук жана чылым продукцияларын экспорттоодо навигациялык пломбалар колдонулат

Кыргызстанда 11-февралдан тарта алкоголдук, чылым продукциясын экспорттоодо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды милдеттүү колдонуу башталат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, товарды мындай ыкма менен көзөмөлдөө анын унаа жана темир жол аркылуу жүрүүсүндө колдонулат. Максаты — декларацияланган товардын сакталышын камсыздоо болуп саналат. Бул чек арадан өтүү процессин тездетип, бизнеске жүктү жеңилдетет.

Кененирээк