Бурулай Уланбек кызы

Кыргызстандык альпинисттер Африканын эң бийик чокусун багындырышты

Кыргызстандык альпинисттердин тобу Африканын эң бийик чокусу Килиманджарону багындырды. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Килиманджаро чокусуна 10-январда саат 5:42де Эдуард Кубатов 16 адамдан турган өз тобу менен бийиктикти ийгиликтүү багындырышкан. Кубатов аба-ырайы өтө татаал болгондугун айтып жана өз командасы менен сыймыктанаарын кошумчалады. Долбоор өлкөбүздү таанытууга жана альпинизмди жайылтууга багытталган….

Кененирээк

Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 13-14-январда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт. Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агро-өнөржай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада…

Кененирээк

Кытайлык компания Бишкекке ири завод курат

Кытайлык компания Бишкек шаарына ири завод курат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Junxin компаниясынын башкы директору калдыктарды өрттөөнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү объекти боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюшкан. Бул компания инвестор катары таштандыларды өрттөөчү завод куруу каалоосун билдирген. Учурда долбоордун техникалык-экономикалык…

Кененирээк

Элеттик мугалим эңсеген “химиялык лаборатория”

Жалал-Абад облусунун тургуну Бегалы Жонсаидов химия сабагынан мугалим. Бул предмет татаал болгондуктан окуучуларга түшүндүрүү бир топ кыйынчылык жаратат. Ошондуктан сабак балдарга түшүнүктүү болуусу үчүн Бегалы Жонсаидов үй шартындагы буюмдар менен түшүндүрүүнү туура көрөт. Интернет желесине тараган парктикалык сабагында ал сууга мила, пропан газын кошуп андан чыккан кошулманы колдо күйгүзүп көрүп, окуучуларга практика жүзүндө көрүп-үйрөнүүсүнө аракет…

Кененирээк

Кыргыз басмаканалары эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

Кыргыз басмаканалары Москвада өткөн эл аралык сынакта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Кыргызстандан катышкан басмаканалардын ичинен “Евразия элдеринин айтуучулары» аттуу китеби үчүн «Турар» басмасы “Диалог культур” номинациясы боюнча I даражадагы диплом, “Аңгемелер, КМШ өлкөлөрүнүн азыркы адабиятынын антологиясы” китеби үчүн “Улуу Тоолор” басмасы “Шериктештик” номинациясы боюнча I даражадагы диплом…

Кененирээк

И.Раззаков атындагы КМТУда IT академия ачылды

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде IT академия ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрилиги кабарлады. И. Раззаков Университеттин студенттери “Мобилдик иштеп чыгуу”, “Жасалма интеллект”, “буюмдар интернети” багыттары боюнча билим ала алышат жана Samsung компаниясынын методикасы боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуп, өздөрүнүн долбоорун иштеп чыгып, өздөрү өндүргөн мобилдик тиркемелерди сынай алышат. Samsung IT академиясы…

Кененирээк

Жогорку соттун судьялары шайланды

Жогорку соттун судьялыгына Элмира Байтикова менен Медербек Сатыев шайланды. Бул тууралуу Жогрку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Талапкерлер тууралуу маалыматты Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Анын айтымында, Президент Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен…

Кененирээк

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда рейтингдик мелдешке катышат

Кыргыз Респулбикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Мелдеш 10- январда башталып, 14-январда жыйынтыкталат. Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке чыгышат. Курама команданын тизмеси: — 62 кг Айсулуу Тыныбекова; —…

Кененирээк

Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олимпиядага катышууда

Кыргызстандык окуучулар Алматы шаарында болуп жаткан математика, физика жана информатика боюнча ХХ юбилейлик Эл аралык Жаутыков олимпиадасына катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Олимпиадага Казакстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Болгария, Тажикстан, Монголия, Грузия, Сербия, Индия жана Румыния сыяктуу 15 өлкөдөн 600гө жакын катышуучу, 85 команда катышат. Белгилей кетсек, олимпиада соңку…

Кененирээк

ИИМ: видеокөзөмөл аркылуу 3 миңге чукул кылмыштын бети ачылды

2023-жылы видеокамералардын жардамы менен 3 миңге жакын кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 800дөн ашык кылмышкер кармалды, ошондой эле 150гө жакын дайынсыз жоголгондор аныкталып, 200дөй мушташтын алдын алууга мүмкүнчүлүк болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Коомдук жайларга орнотулган 3000 ге чукул камеранын 800дөн ашыгы Коомдук коопсуздук кызматынын алдында Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган,…

Кененирээк