Кыргызстанда бир жылда базарлардын саны 17ге кыскарды

2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда кийим-кече, азык-түлүк, аралаш жана адистештирилген 315 базар иштеген. Бир жыл мурда алардын саны 332 болчу. Демек, базарлардын саны 5,1%га азайган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык: •272 базар — азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар;• 33 базар — мал, канаттуулар жана дан тоюттары;• 10 базар — автоунаалар жана автоунаа тетиктери. Базарлар эң көп…

Кененирээк

Үйү, унаасы бар деп эле жөлөк пулдан ажыратпоо сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, эгер үй-бүлөнүн мүлкү киреше алып келбесе жана анын болушу үй-бүлөнүн материалдык жактан жетиштүү камсыз болгонун көрсөтпөсө, мүлктүн бар экендиги жөлөк пул берүүдөн баш тартууга жалгыз себеп катары колдонулбайт. Мында үй-бүлөнүн муктаждыгы анын ар бир мүчөсүнө (киши башына) туура келген жалпы кирешеси жана материалдык…

Кененирээк

«Кыргызстан аэропортторунун» таза кирешеси 4,2 млрд сом болду

Бүгүн Кыргызстандын жарандык авиациясына 93 жыл толду. Мунун алкагында Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортунда түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып чыкты.  Статистикалык маалыматтар боюнча, «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын быйылкы 9 айдагы таза кирешеси 4,2 млрд сомду түздү. Аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 9,8 млрд сомдон ашык каражат инвестицияланган. Ошондой эле быйыл «Asman Airlines» авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 5…

Кененирээк

Нарында ипотекалык батирлер тапшырылды

Садыр Жапаров Нарындагы МИК тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышына катышты. “Үйгө муктаждарга турак жай куруу саясатын мындан ары дагы улантабыз. Үйгө муктаж болгон ар бир кыргызстандык үйлүү болгонго чейин уланат. Буюрса, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин…

Кененирээк

5-ноябрда Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Анда Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн артыкчылыктуу долбоорлору сунушталып, аларга инвестиция тартуу жолдору талкууланат. Форумду Кыргызстандын Министрлер кабинети жана БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) уюштурат. Негизги багыттар: • айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;• кайра жаралуучу энергетика жана «жашыл» өнөр жай;• санариптик көндүмдөр жана инновациялар;• ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;• продукциянын тышкы рынокторго чыгышын кеңейтүү. Ошондой…

Кененирээк

Кыргызстанда компаниялар үчүн «кара тизме» даярдалып жатат

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 40ка жакын компания текшерилген. Алардын ичинен 16 компания боюнча материалдар компанияларды жоюу маселесин чечүү үчүн сотко өткөрүлүп берилген. Ошондой эле Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору болгон компаниялардын жана жарандардын атайын «кара тизмеси» даярдалып жатат. Банктар да көзөмөлдү күчөтүүдө. «Элдик Банк» 126га жакын компаниянын, ал эми «АБанк» 100гө жакын компаниянын эсептерин жапты.

Кененирээк

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны өсүп жатат

Жарым жыл ичинде 1,56 млн адам жалпы суммасы 48,5 млрд сом болгон насыя алган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу насыя алуучулардын саны 2,7 эсеге көбөйгөнүн билдирет. Каражаттын басымдуу бөлүгү же 30 млрд сом жеке керектөөлөргө жумшалган. Дагы 7,6 млрд сом айыл чарбасына, ал эми 5,7 млрд сом соода тармагына багытталган. Кыргызстандыктардын чакан насыя берүүчү компанияларга болгон…

Кененирээк

Бишкек — Ош авиабилетинин баасын 4,5 миң сом кылуу көздөлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас багыттарындагы авиабилеттерди арзандатуу үчүн авиакеросиндин наркынын бир бөлүгүн субсидиялоону сунуштады. Ал эми авиакомпаниялар билеттерди туруктуу баада сатып, каттамдардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого тийиш. Бишкек — Ош багытындагы авиабилеттерди сатып алынган убактысына карабастан 4,5 миң сомдон кылуу каралууда. Сунуш Экономика жана коммерция министрлигине киргизилди.

Кененирээк

Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз алып кирүүгө берилген кошумча квота да түгөндү

Муну Бажы кызматынын сайтындагы  онлайн көрсөткүчтөн көрүүгө болот. Жыл башында 15 миң автоунааны бажы төлөмүсүз ташып кирүүгө уруксат берилип,  ал июль айында түгөнгөн. Кийин август айында кошумча 10 миң квота берилип, ал да эки айга жетпей толук пайдаланылып, бүттү.

Кененирээк

Бишкекте автобустун айдоочуларына эмгек акы ишинин сапатына жараша төлөнөт

Борбор калаанын мэриясы киргизген жаңы системага ылайык, автобус айдоочусунун эмгек акысынын өлчөмү иштин талаптарынын аткарылышына, жумуш убактысынын нормасынын сакталышына жана иштин сапатына жараша аныкталат. Тактап айтканда, айдоочунун ишине байланыштуу даттануу келип түшүп, ал тастыкталган учурда эмгек акынын өлчөмү 20 пайызга чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаган учурда төлөмдүн өлчөмүн азайтуу каралган….

Кененирээк