Министрлик: «Эттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат»

Кыргызстанда тирүү малдын баасы туруктуу болгонуна карабай эт кымбаттап жатат, бирок негизги пайданы өндүрүүчүлөр эмес, ортомчулар көрүүдө. Министр Эрлист Акунбеков акыркы үч айда чет өлкөгө 53 миң баш мал чыгарылганын, бирок малчылар иш жүзүндө андан пайда таппаганын билдирди. Министрлик бул маселени чечүү үчүн 1,5 миллиард сомго 10 адистештирилген кластер түзүүнү пландап жатат. Натыйжада фермерлер рынокко…

Кененирээк

Кыргызстанда суунун тартыштыгы байкалууда: сугатка көзөмөл күчөтүлөт

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Министрликтин өкүлү Туратбек Идрисов белгилегендей, суунун азайышы — дүйнөлүк тенденция. Маалыматка ылайык, 2025-жылы — 5,767 млрд кубометр суу пайдаланылган, ал эми 2026-жылы — 6,303 млрд кубометр суу бөлүштүрүү пландалууда. Облустарда жана райондордо атайын штабдар түзүлүп, сугат суусунун адилеттүү жана рационалдуу бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт….

Кененирээк

1-апрелден тартып Кыргызстанда электр энергиясына чектөөлөр алынат

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.Мурда чектөөлөр Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөн болгондуктан киргизилген. Бир фазалуу абоненттер үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка, үч фазалуу абоненттер үчүн 8 кВттан 5 кВтка түшүрүлчү. Министрлик билдиргендей, чаралар энергия системасын туруктуу сактоого жардам берди. 2025-жылы керектөө 19,1 млрд кВт·саатка жетти, өсүш негизинен курулуш жана жаңы өнөр жай объекттеринен…

Кененирээк

Ошто 8 учак сатыкка чыгарылды

“Кыргызстандын аэропорттору” эски учактарына аукцион жарыялады. Ан-12 учагынын баштапкы баасы 2 млн 421 миң сом. Ал эми Ан-2 учактарынын наркы 233 миң сомдон башталат. Аукцион 27-апрелде Ош аэропортунда өтүп, катышуу үчүн арыздар 24-апрелге чейин кабыл алынат. Маалымат алуу үчүн: +996557224497

Кененирээк

Ош шаарында 4 тилкелүү эки көчөнүн курулушу башталды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Атабаев жана Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан жолдордун курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугуп, башталган көчөлөрдүн курулуш иштерин көзөмөлдөп, тез арада жана сапаттуу бүткөрүү убадасын берди. Белгилей кетсек, аталган көчөлөр төрт тилкелүү болуп кеңейтилет жана жол жээктерине…

Кененирээк

Тоңдурулган жемиштерди Кытайга экспорттоо үчүн ишканаларды каттоо башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан тоңдурулган жемиштерди өндүрүүчү ишканаларды Кытайга экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү тастыкталганын маалымдады. Маалыматка ылайык, тоңдурулган жемиштер Кытай рыногуна GACC (CIFER) системасында каттоодон өткөндөн кийин экспорттолушу мүмкүн. Мында жаңы продукциядан айырмаланып, кошумча карантиндик уруксат талап кылынбайт.Экспорттоого уруксат берилген продукциялардын катарына…

Кененирээк

Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм ишке кирди

Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм мүмкүнчүлүгү ишке кирди. Бул тууралуу экономика министрлиги билдирди. Алгачкы транзакциялар QR-коддор, улуттук төлөм системалары жана Binance Pay аркылуу ийгиликтүү жүргүзүлдү. Эми өлкө боюнча соода жайларында товарларды криптовалюта менен төлөөгө шарт түзүлдү.

Кененирээк

Кыргызстанда эттин баасы төмөндөдү

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын февраль айында Кыргызстанда эт жана эт азыктарынын баасы 5,1%га арзандады . Адистердин маалыматына ылайык, эттин арзандашы жалпы инфляция деңгээлине –0,7 пайыздык пункт таасир эткен. Ал эми дүйнөлүк рынокто тескерисинче өсүш байкалган:

Кененирээк

Бишкектин жана ага жакын райондордун тургундары жылытуу системасы үчүн жеңилдетилген кредит алышат

Бишкек шаарынын жакынкы райондордун тургундары үчүн экологиялык таза жылытуу системаларына мамлекеттик жеңилдетилген насыялар жеткиликтүү. Бишкек шаарынын ошондой эле, жакынкы райондорунун тургундары 1 миллион сомго чейин мамлекеттик жеңилдетилген кредит алып, үйлөрүнө заманбап экологиялык таза жылытуу системаларын орното алышат. Бул кредиттик линия Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Насыялар…

Кененирээк

Кыргызстанга январь айында 220,3 миң доллар которулган

2026-жылдын январь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 220,3 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Акчанын негизги агымы КМШ өлкөлөрүнөн келген, анын көлөмү 205,7 млн долларды түзгөн. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар 14,6 млн доллар болгон. Ошол эле учурда 2026-жылдын январь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 17,7…

Кененирээк